Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы
«Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2025-жылдын 15-июлу, № 52) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор (ТЧЭБ) - англис укуктук тутумунун ченемдеринин жана принциптеринин, ошондой эле мыкты эл аралык практикалардын негизинде ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык талаш- тартыштарды чечүү үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм;»;
б) 4 жана 7-пункттарда «башкаруу органы» деген сөздөр «орган» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
«9) «Тамчы» АФИАнын адистештирилген реестри - «Тамчы» АФИА тарабынан дайындалган адамдардын реестри, аны жүргүзүүнүн тартиби «Тамчы» АФИАнын актылары менен аныкталат.»;
2) 5-беренеде:
а) 2-бөлүктө «башкаруу органдарын» деген сөздөр «органдарды» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө «жана жергиликтүү бюджеттерге» деген сөздөр «бюджетке» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 2-главанын аталышында «Башкаруу» деген сөз «Тамчы» АФИАнын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-беренеде:
а) аталышында жана 1-бөлүктүн биринчи абзацында «башкаруу» деген сөз алып салынсын;
б) 5-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Ар бир орган «Тамчы» АФИАнын» актыларында каралган уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат жана юридикалык жактын укуктарына ээ. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары «Тамчы» АФИАнын органдары алардын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон укук жөндөмдүүлүгүн пайдаланат.»;
- экинчи абзацта «башкаруу» деген сөздөр «Тамчы» АФИАнын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацта «башкаруу органы» деген сөздөр «орган» деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Тамчы» АФИАнын ар бир органы көз карандысыз укук жөндөмдүүлүгүнө, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, эсептешүү жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар, өз атынан мүлктүк укуктарга ээ боло алат жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.»;
в) 6-бөлүктө «башкаруу» деген сөз «Тамчы» АФИАнын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Кеңештин мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар «Тамчы» АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилүүгө тийиш.»;
6) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кеңеш Кеңештин төрагасынан, ошондой эле Кеңештин 9дан көп эмес башка мүчөлөрүнөн, анын ичинде башкаруучу компаниянын жетекчисинен турат.»;
в) 4-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кеңештин мүчөлөрүнүн эц аз саны, анын ичинде Кеңештин төрагасы жана башкаруучу компаниянын жетекчиси менен - 7 адам.»;
- төртүнчү абзацта «үчтөн кем эмес добушу» деген сөздөр «жөнөкөй көпчүлүк добушу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо жана анын чечимдерин тариздөө үчүн Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин катчысын дайындайт, ал жөнүндө маалыматтар «Тамчы» АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилүүгө тийиш.»;
6) 8-беренеде:
а) 6-пунктта «башкаруу» деген сөз «Тамчы» АФИАнын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
«71) башкаруучу компаниянын жетекчисин дайындоо жана анын ыйгарым укуктарын токтотуу;»;
7) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кеңештин катчысы Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин жыйналышын өткөрүү датасы, орду жана убактысы жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин 48 сааттан кечиктирбестен кабарлоого тийиш.»;
б) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Эгерде Кеңештин жыйналышына алардын саны бир мүчөнү чыгарып салуу менен Кеңештин шайланган (дайындалган) мүчөлөрүнүн жалпы санына барабар болгон Кеңештин мүчөлөрү катышса, ал укуктуу (кворуму бар) болуп саналат. Кеңештин жыйналыштарында чечимдер Кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Эгерде күн тартибиндеги маселе боюнча Кеңештин мүчөсүнүн кызыкчылыктарынын кагылышуусу болсо, Кеңештин мындай мүчөсүнө мындай маселе боюнча добуш берүүгө тыюу салынат.
3. Эгерде Кеңештин чечими Кеңештин төрагасы, Кеңештин катчысы тарабынан кол коюлган жана каттоочу тарабынан ырасталган протокол түрүндө таризделсе, ал талаптагыдай түрдө кабыл алынды деп саналат.
Кеңештин жыйналыштары кабарламага жана кворумга жана Кеңештин чечимин кийин протокол менен тариздөөгө карата талаптар сакталган шартта видеоконференция байланыш форматында өткөрүлүшү мүмкүн.»;
8) 10-беренеде:
а) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кеңештин Төрагасы кайсы учурда болбосун Кеңештин кандай болбосун мүчөсүнүн (Кеңештин мүчөсү катары башкаруучу компаниянын жетекчисин кошпогондо) ыйгарым укуктарын токтото алат, эгерде:»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Башкаруучу компаниянын жетекчисинин Кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Кеңештин «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жетекчисинин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечими кабыл алынган күнү күчүнө кирет.»;
9) 11-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Башкаруучу компаниянын жетекчиси Кеңештин чечими менен дайындалат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотот. Башкаруучу компаниянын жетекчиси:
- Кеңеш тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде башкаруучу компаниянын күнүмдүк иши үчүн жооп берет;
- Кеңештин талабы боюнча кварталына бирден кем эмес жолу Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө отчетторду берет;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана башка юридикалык жактар, чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар жана эл аралык финансылык институттар менен болгон мамилелерде «Тамчы» АФИАнын атынан чыгат;
- башкаруучу компаниянын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле «Тамчы» АФИАнын максаттарына жетүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат жана башка функцияларды аткарат.»;
б) 2-бөлүктө:
- 3-пунктта «жана жергиликтүү бюджеттерге» деген сөздөр «бюджетке» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пунктта «башка башкаруу органдары» деген сөздөр «Тамчы» АФИАнын башка органдары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5 жана 12-пункттарда «башкаруу», «башкаруунун» деген сөздөр «Тамчы» АФИАнын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 12-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Каттоочу «Тамчы» АФИАнын субъекттерин каттоо, «Тамчы» АФИАнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү, «Тамчы» АФИАнын адистештирилген реестрин жүргүзүү, Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун (чечимдерин) ырастоо менен байланышкан ыйгарым укуктарды, ошондой эле «Тамчы» АФИАнын актылары же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталуучу башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.»;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Тамчы» АФИАнын органдары жана субъекттери үчүн түзүлүүчү каттоо номерлери ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү каттоо номерлери менен бирдей таанылат жана колдонулат.»;
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Кыргыз Республикасынын укугу боюнча уюмдаштырылган, бирок «Тамчы» АФИАнын (ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин да, кабыл алынгандан кийин да) субъекти болуп саналбаган уюм «Тамчы» АФИАнын актыларында аныкталган редомициляция тартибинде «Тамчы» АФИАнын субъекти деп таанылышы мүмкүн.»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
«6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык уюмду редомициляция тартибинде «Тамчы» АФИАнын субъекти деп таануу аны кайра уюштуруу же укук улантуу учуру болуп эсептелбейт, мындай уюмдун ага таандык болгон мүлккө карата укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле мындай уюмга карата үчүнчү жактардын укуктарын жана милдеттерин (анын ичинде мындай уюмга катышуу укуктарын) өзгөртпөйт.
7. Каттоочу «Тамчы» АФИАнын адистештирилген реестрин жүргүзөт жана «Тамчы» АФИАнын актыларында каралган тартипте Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун (чечимдерин) ырастайт.
«Тамчы» АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилген адамдар өз ыйгарым укуктарын «Тамчы» АФИАнын адистештирилген реестрине тиешелүү жазуу киргизилген датадан тартып жүзөгө ашырат.»;
11) 14-беренеде:
а) 2-бөлүктө «башкаруу органы» деген сөздөр «орган» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө «Төрага жана судьялар» деген сөздөр «Комитеттин мүчөлөрү (арбитрлер)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүктө:
- «майда иштер боюнча комитетти камтыган» деген сөздөр алып салынсын;
- «кандайдыр бир башка сотунда» деген сөздөр «сотторунда» деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 8-бөлүктүн 1-пунктунда «башкаруу жана жөнгө салуу» деген сөздөр алып салынсын;
д) 8-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун компетенциясына Тамчы» АФИАнын аймагында, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында эмес, чет өлкөлүк арбитраждык чечимдерди чет өлкөлүк арбитраждык чечим Тамчы» АФИАнын юридикалык жана жеке жактарына жана Тамчы» АФИАнын аймагында жайгашкан, ал менен байланышкан активдерге тиешелүү болгон даражада таануу жана аткарууга киргизүү маселелери кирет.»;
е) 11-бөлүктө «соттук чечимдери» деген сөздөр «чечимдери» деген сөзгө алмаштырылсын;
ж) төмөнкүдөй мазмундагы 131-бөлүк менен толукталсын:
«131. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор, анын төрагасы, Комитеттин мүчөлөрү (арбитрлер), медиаторлор жана персонал функцияларын аткаруудагы же болжолдонгон аткаруудагы же болбосо кандай болбосун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы же болжолдонгон жүзөгө ашыруудагы кандай болбосун аракеттери (аракетсиздиги) үчүн ушул Мыйзамга, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыгуучу актыларга ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.»;
12) 15-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пунктта «башкаруу органдарын» деген сөздөр «органдарды» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мамилелерге карата англис укуктук тутумунун ченемдерине жана принциптерине, ошондой эле мыкты эл аралык тажрыйбаларга тиешелүү;»;
13) 18-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта «башкаруу» деген сөз «Тамчы» АФИАнын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта «башкаруу» деген сөз «Тамчы» АФИАнын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө «башкаруу» деген сөз «Тамчы» АФИАнын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктө «жалпы укук тутумунун башка юрисдикцияларынын» деген сөздөр «мыкты эл аралык тажрыйбаларга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 19-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. «Тамчы» АФИАнын субъекттери жана органдары, анын ичинде жалданып иштеген жеке жактар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотулат.»;
15) 22-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. «Тамчы» АФИАнын субъекттеринин же органдарынын кызматкерлери болуп саналган, «Тамчы» АФИАда иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана кирүү жана чыгуу эрежелерине ылайык беш жылга чейинки колдонуу мөөнөтү менен «Тамчы» АФИАга кирүү визасын алат.»;
16) 23-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. «Тамчы» АФИАнын субъекттери жана органдары «Тамчы» АФИАда иштөө үчүн чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды уруксат албастан тартууга укуктуу.»;
б) 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Башкаруучу компания «Тамчы» АФИАнын субъекттери жана органдары тарабынан ишке тартылуучу чет өлкөлүк жумушчу күчүн эсепке алууну жүргүзөт.»;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. «Тамчы» АФИАнын субъекттери жана органдары ишке тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды «Тамчы» АФИАнын актыларына ылайык башкаруучу компанияга берет.».
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049035/st-5" title="5-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагында Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>