# 2-берене

- Документ: [Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагында Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагында Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049035/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5801/edition/56342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049035/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагында Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049035/st-2

---

«Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1 жана 2-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзам тараптардын макулдашуусу боюнча инвестициялык, жарандык жана коммерциялык укук мамилелеринен келип чыгуучу, бүтүмдөрдөн, келишимдерден, макулдашуулардан же башка юридикалык мааниге ээ болгон жагдайлардан пайда болуучу талаш-тартыштар бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берилген учурда колдонулат. Ушул Мыйзамдын ченемдери өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана аларга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035/st-4)  
Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035/st-2)
