Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоо методикасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна тиркеме)
| | | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 483 токтомуна тиркеме |
Мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоо методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоо методикасы (мындан ары – Методика) мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акынын чектүү өлчөмдөрүн эсептөө жана колдонуу тартибин белгилөө максатында иштелип чыккан.
2. Методика мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акынын өлчөмүн эсептөө тартибин белгилейт.
3. Ушул Методиканын колдонулушу мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жайыттарды кошпогондо, бардык категориядагы мамлекеттик жер тилкелерине жайылтылат.
4. Ушул Методикага ылайык эсептелген ижара акы жер тилкесин пайдалануунун бир календардык жылы үчүн белгиленет.
5. Ушул Методикага ылайык белгиленген маанилер жана коэффициенттер мамлекеттик менчикте турган жерлерди пайдалануу үчүн ижара акынын чектүү өлчөмдөрүн бекитүү үчүн райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан колдонулат.
2-глава. Базалык ставка
6. Мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоонун баштапкы экономикалык базасы катары жер тилкеси үчүн ижаранын базалык ставкасы (мындан ары – ИБС) белгиленет.
7. Ижаранын базалык ставкасы аянттын бирдиги үчүн акчалай туюнтмада (1 квадрат метр же башка аянт бирдиги үчүн сом менен) көрсөтүлөт.
Мамлекеттик менчикте турган жерлерди пайдалануу үчүн ижара акынын чектүү өлчөмдөрүн бекитүүдө райондук мамлекеттик администрациялар ижаранын базалык ставкасын ижара акынын рыноктук наркын талдоонун негизинде белгилейт.
8. Жер казынасын пайдалануу үчүн жердин 1 квадрат метринин базалык ставкасы 1 сомду түзөт.
3-глава. Ижара акынын өлчөмүн
эсептөө формуласы
9. Мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн жылдык ижара акынын өлчөмү (мындан ары – ИА) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ИА = ИБС * K₁ * K₂ * K₃ * K₄ * K5 мында: ИА – мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн жер тилкесинин 1 квадрат метри үчүн жылдык ижара акынын өлчөмү; ИБС – жер тилкесинин 1 квадрат метри үчүн ижаранын базалык ставкасы; K₁ – жерлердин категориясынын коэффициенти; K₂ – аймактык зонанын коэффициенти; K₃ – жер тилкесин пайдалануу түрүнүн коэффициенти; K₄ – социалдык коэффициент; K5 – бийик тоолуу коэффициент.
10. ИАны эсептөө төмөнкү айкалыштардын ар бири боюнча жүргүзүлөт:
1) жер категориясы;
2) аймактык зона;
3) жер тилкесин пайдалануу түрү.
4-глава. Эсептөөдө колдонулуучу коэффициенттер
11. K₁ жер категориясынын коэффициенти Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жерлердин укуктук режиминин жана максаттуу багытынын өзгөчөлүктөрүн эске алат.
12. K₁ коэффициентинин маанилери төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
| Жерлердин категориясы | K₁ мааниси |
| Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери (рекреация объекттери, туристтик зоналар ж.б.) | 3,0 |
| Жер казынасын пайдалануу жерлери | 3,0 |
| Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуу жана башка багыттагы жерлер | 2,5 |
| Суу жана ирригация фонддорунун жерлери | 2,0 |
| Калктуу конуштардын жерлери | 1,5 |
| Запастагы жерлер | 0,8 |
| Айыл чарба багытындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери | 0,1 |
13. K₂ аймактык зонанын коэффициенти тиешелүү райондун чегинде жер тилкесинин инфраструктура менен камсыз болуу деңгээлин, транспорттук жеткиликтүүлүгүн жана коммерциялык жагымдуулугун чагылдырат.
14. K2 коэффициентинин максималдуу маанилери төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
| Аймактык зона | K₂ мааниси |
| Жогорку коммерциялык активдүүлүк зонасы | 2,0 |
| Жер казынасын пайдалануу аймагы | 2,0 |
| Орточо камсыздалган жана жеткиликтүү зона | 1,5 |
| Аз өздөштүрүлгөн аймактар | 0,8 |
| Алыскы өздөштүрүлбөгөн аймактар | 0,4 |
15. Конкреттүү жер тилкелерин тигил же бул аймактык зонага киргизүү райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан көрсөтүлгөн коэффициенттерге ылайык жүзөгө ашырылат.
16. K₃ жер тилкесин пайдалануу түрүнүн коэффициенти ижарага алуучу тарабынан жер тилкесинде жүргүзүлүүчү иштин мүнөзүн жана анын кирешелүүлүгүн (коммерциялык потенциалын) эске алат.
17. K₃ коэффициентинин маанилери төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
| № | Жер тилкесин пайдалануу түрлөрү | K₃ мааниси |
| 1 | Төлөм кабыл алуу пункттары (терминалдар), банкоматтар, антенна-фидердик түзүлүштөрдү жана телекоммуникация жабдууларын орнотуу, банктык кызмат көрсөтүүлөр, көчмө касса, авиакасса | 2,5 |
| 2 | Жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер жана ага байланыштуу аймактар | 2,5 |
| 3 | Суу жана ирригация фонддорунун жерлерин пайдалануу | 2,0 |
| 4 | Ресторан, кафе, мейманкана, бильярд, сауна, бассейн, мончо, акча алмаштыруу пункту, ломбард, жарнак такталары, жарнама жайгаштыруу жана май куюучу станциялар, мунай базалары, газ куюучу станциялар, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, дарыкана, оптика, ветеринардык дарыкана, билим берүү борбору, мини-базарлар, соода-логистикалык борборлор, коомдук дааратканалар, эс алуу жана көңүл ачуу чөйрөсүнүн объекттери, караоке-клуб, түнкү клуб | 1,7 |
| 5 | Спорттук-ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөр, сулуулук салону, автотранспортту оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн жайлар жана курулмалар, автоунаа жуучу жай, массаж борбору, соода түйүнү, дүкөн, күркө, ашкана, буфет, компьютердик кызмат көрсөтүүлөр жана компьютердик техниканы оңдоо, фото кызмат көрсөтүүлөрү, фотосалон | 1,6 |
| 6 | Автоунаа токтотуучу жайлар, парковка, гараж | 1,5 |
| 7 | Кеңсе | 1,4 |
| 8 | Бут кийим оңдоо, көчүрмө кызмат көрсөтүүлөрү, кийим реставрациялоо, химиялык тазалоо | 1,3 |
| 9 | Өндүрүш жана башка өндүрүштүк кызмат көрсөтүүлөр, тигүү цехи, кампалар | 1,1 |
| 10 | Дан сактоочу кампалар, мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу жайлар, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн иштин башка түрлөрү | 0,8 |
| 11 | Режимдик объекттердеги ашкана, буфет | 0,7 |
| 12 | Балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылыгынын көркөм ийримдери, спорттук секциялар жана башка маданий жана спорттук объекттер, кайрымдуулук фонддору | 0,6 |
| 13 | Ветеринардык же фитосанитардык лабораториялар, окуу-реабилитациялык борборлор, китепкана | 0,5 |
| 14 | Инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун алкагында | 0,1 |
| 15 | Айыл чарба багытындагы жерлерди, анын ичинде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин айыл чарба максатында пайдалануу | 0,1 |
| 16 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка максаттуу пайдалануу | 1,0 |
18. K₄ – социалдык коэффициент, мамлекеттин социалдык саясатын ишке ашыруу максатында киргизилет.
Маанилери:
| № | Субъекттер | К4 мааниси |
| 1 | III топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн | 0,2 |
| 2 | I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн | 0,3 |
| 3 | Социалдык жана кайрымдуулук уюмдары үчүн | 0,5 |
| 4 | Аялдар ишкердиги жана жаш ишкерлер үчүн | 0,6 |
Ырастоочу документтердин негизинде колдонулат.
19. K5 – бийик тоолуу коэффициент. Бийик тоолуу аймактардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында инвесторлор үчүн кошумча стимул катары киргизилет.
Мааниси: K5 – бийик тоолуу коэффициент – 0,9.
20. Жер тилкесин пайдалануу түрү төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:
1) ижара келишиминин шарттары;
2) долбоордук документтер;
3) шаар куруу документтерине жана жер мыйзамдарына ылайык белгиленген уруксат берилген пайдалануу түрү.
Суу жана ирригация фонддорунун жер тилкелери үчүн пайдалануу түрү суу мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын суу объекттеринин суу коргоо зоналары жана тилкелери жөнүндө талаптарды эске алуу менен аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 483 "Мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 13.07.2026 · № 483
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149