Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишим түзүүгө конкурс уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 2-тиркеме)
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июлундагы № 497 токтомуна)
Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишим түзүүгө конкурс уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Соцфонд) же топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары – ТПФ) менен депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзүү үчүн депозитарийди тандоо боюнча конкурсту уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Депозитарийди тандоо боюнча конкурсту уюштуруучу Соцфонд же ТПФ (мындан ары – конкурсту уюштуруучу) болуп саналат.
3. Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзүү үчүн депозитарийди тандоо боюнча конкурс Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндө мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык катышуучулардын санын чектебестен ачык өткөрүлөт.
4. Конкурстун жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келген депозитарий аныкталат, аны менен Соцфонд же ТПФ депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзөт.
2-глава. Депозитарийди тандоо боюнча конкурска даярдык көрүү жана өткөрүү
5. Конкурстук комиссия конкурска даярдык көрөт жана өткөрөт, анын курамын конкурстун уюштуруучусу 5 адамдан кем эмес жана 15 адамдан ашпаган санда бекитет (комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так санды түзүүгө тийиш).
Соцфонд түзгөн конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. ТПФ конкурстук комиссиянын курамын өз алдынча аныктайт жана анын курамына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн киргизүүгө укуктуу. ТПФ түзгөн конкурстук комиссиянын курамына финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү милдеттүү түрдө киргизилет.
6. Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп конкурстун уюштуруучусунун өкүлү эсептелет, ал конкурстук комиссиянын ишин жетектейт, анын ишин уюштурат. Конкурстук комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функциясын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
7. Конкурстук комиссия төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) өтүнмөлөрдү каттоо журналында катталган конкурска катышууга өтүнмөлөрү бар конверттерди ачат;
2) өтүнмөлөрдү карайт жана алардын ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкештигин аныктайт;
3) өтүнмөлөрдү баалайт жана салыштырат;
4) конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт жана жыйынтыгын чыгарат.
8. Конкурстун уюштуруучусу конкурсту өткөрүүгө чейин 30 (отуз) календардык күн мурда конкурс өткөрүү жана конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар жөнүндө маалыматты республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына жана конкурстун уюштуруучусунун расмий сайтына жарыялайт.
9. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялануучу билдирүүдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) конкурстун уюштуруучусунун аталышы жана дареги;
2) конкурс өткөрүлүүчү убакыт жана орду;
3) депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимдин шарттары, анын ичинде келишимди колдонуу мөөнөтү;
4) ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык белгиленген конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар;
5) конкурстук документтерди алуу тартиби жана орду;
6) конкурска катышууга өтүнмө берүү тартиби, орду жана мөөнөтү;
7) депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзүү мөөнөтү.
10. Төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келген депозитарийге конкурска катышууга уруксат берилет:
1) баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар;
2) топтолмо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компаниялардын биринин да аффилирленген жагы же болбосо алардын аффилирленген жактары болуп саналбаган;
3) ага карата акыркы 2 (эки) жылдын ичинде депозитардык ишти жүзөгө ашырууга лицензияны токтотуп туруу же жокко чыгаруу түрүндө санкциялары же болбосо банкроттук жол-жоболору колдонулбаган;
4) тиешелүү лицензияны алган учурдан тартып депозитарий катары иштеген мөөнөтү конкурска катышууга өтүнмө берген күнгө карата 2 (эки) жылдан кем болбоого тийиш;
5) конкурска катышууга өтүнмө берген күнгө карата депозитардык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү боюнча кардарлар менен 3төн кем эмес келишим түзгөн;
6) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн ченемдерине жооп берген;
7) конкурска катышууга өтүнмө берген күнгө карата баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун тиешелүү квалификациялык күбөлүгү бар 3төн кем эмес штаттык кызматкери (адистери) (анын ичинде депозитардык ишти түздөн-түз жүргүзгөн жалгыз аткаруу органынын функциясын аткаруучу адам же өзүнчө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси) болгон;
8) баалуу кагаздар менен болгон операцияларга кол салган административдик укук бузуулар үчүн жаза чаралары колдонулбаган. Ушундай талап депозитарийдин жетекчисине да коюлат;
9) конкурска катышууга өтүнмө берген күндөн мурунку кезектеги отчеттук күнгө карата салык кызматы органдарынын жана Соцфонддун алдында карыздары болбогон.
11. Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди төмөнкүдөй юридикалык жактар түзө албайт:
1) офшордук зоналарда катталган;
2) катышуучулар катары акционерлери жана аффилирленген жактары бар:
– офшордук зоналарда катталган юридикалык жактар;
– офшордук зоналардын аймагында жашаган же офшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдар.
12. Конкурстук документтер конкурстун уюштуруучусу тарабынан бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен стандарттуу конкурстук документтерге ылайык иштелип чыгат.
13. Конкурстук документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) нускаманы жана конкурстун уюштуруучусу бекиткен форма боюнча конкурска катышууга арызды тариздөөгө талаптарды;
2) ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген конкурстун катышуучусуна талаптарды;
3) депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимдин шарттарын, анын ичинде келишимдин колдонуу мөөнөтүн;
4) конкурска катышууга өтүнмө берүү тартиби, орду жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды;
5) конкурска катышууга өтүнмөлөрдүн колдонуу мөөнөтүн;
6) конкурска катышууга өтүнмөлөрү бар конверттерди ачуунун орду, күнү жана убактысы тууралуу маалыматтарды;
7) конверттерди ачуунун жана конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кароонун тартиби жөнүндө маалыматтарды;
8) конкурстук документтердин жоболоруна түшүндүрмө берүүнүн тартибин.
3-глава. Конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби
14. Талапкер конкурска катышуу үчүн конкурстук документтерде камтылган талаптарга ылайык таризделген конкурска катышууга өтүнмөнү жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө конкурстун уюштуруучусуна берет.
15. Конкурска катышууга өтүнмө анда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастаган документтер менен бирге чапталган конвертке салынып берилет, ал конкурстук комиссиянын жыйналышында гана белгиленген тартипте ачылат.
Конвертте төмөнкүдөй реквизиттер көрсөтүлөт:
– конкурска катышууга талапкердин дареги жана аталышы;
– конкурстун уюштуруучусунун дареги жана аталышы;
– конкурстун аталышы.
16. Конкурска катышууга өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрү, юридикалык жак болуп саналган талапкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү;
2) жалгыз аткаруу органы болуп саналган талапкердин функциясын ишке ашырган адамды шайлоо (дайындоо) жөнүндө документтин көчүрмөсү;
3) конкурска катышууга өтүнмө берилген жылдан мурдагы акыркы 2 жыл үчүн финансылык отчет жана ага карата берилген аудитордук корутунду;
4) конкурска катышууга өтүнмө берген адамдын ыйгарым укугун ырастаган документ;
5) талапкердин жетекчиси күбөлөндүргөн акциялардын беш жана андан ашуун пайызына ээлик кылган акционерлер (катышуучулар) жөнүндө маалыматтардын тизмеси. Тизмеде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: юридикалык жак болуп саналган акционер жөнүндө – акционерлердин толук аталышы, юридикалык жана почта дареги, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөн күнү жана күбөлүгүнүн номери; юридикалык жактын аталышындагы, уюштуруучулук-укуктук формасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар; аткаруу органынын башчысынын же юридикалык жактын атынан чыккан жалгыз жетекчинин аты-жөнү жана жашаган жери; жеке жак болуп саналган акционерлер жөнүндө – акционерлердин (катышуучулардын) аты-жөнү;
6) баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын көчүрмөсү;
7) конкурска өтүнмө берген күнгө чейин 1 айдан эрте эмес берилген карыздын жоктугу жөнүндө салык кызматынын органынан маалымкат;
8) баалуу кагаздар менен болгон операцияларга кол салган административдик укук бузуулар үчүн жаза чаралар колдонулбагандыгы жөнүндө финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастамасы.
17. Конкурстун уюштуруучусу конкурска катышууга түшкөн өтүнмөлөрдү каттоо журналын жүргүзөт.
18. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөн мөөнөттө келип түшкөн конкурска катышууга өтүнмөсү бар ар бир конвертти конкурска катышууга өтүнмөлөрдү каттоо журналына уюштуруучу каттайт жана аларды алынган күндү жана убактыны көрсөтүү менен талапкерлерге тил кат берет.
19. Келип түшкөн өтүнмөлөрдү каттоо журналына конкурска катышууга өтүнмө катталган учурдан тартып талапкерлер конкурстун катышуучусу статусуна ээ болот.
20. Талапкерлердин бир же андан ашуун өтүнмөлөрү катталган учурда конкурс болду деп таанылат.
21. Бир катышуучу бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу. Бир талапкер эки же андан көп өтүнмө берген учурда, ал конкурска катышуучулардын катарынан чыгарылат.
22. Конкурстун катышуучусу конкурстун уюштуруучусунан конкурстук документтер боюнча түшүндүрмө сураганга укуктуу. Конкурстун уюштуруучусу мындай суроо-талапка 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбей түшүндүрө берүү менен жооп берүүгө милдеттүү.
23. Эгерде конкурстун уюштуруучусу конкурстук документтерге карата кандайдыр маселелерди түшүндүрүү үчүн конкурстун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрсө, ушул жолугушуунун жүрүшүндө конкурстук документтердин жоболорун түшүндүрүү жөнүндө берилген суроо-талаптар, ошондой эле ошол суроо-талаптарга алардын булагын көрсөтпөстөн жоопторду камтыган протокол түзүлөт. Протоколдор 2 (эки) жумуш күндүн ичинде түшүндүрмө сурап кайрылган конкурстун катышуучуларына берилет.
4-глава. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо
24. Конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо максатында конкурска катышууга берилген өтүнмөлөрдү карайт, баалайт жана салыштырат.
25. Конкурстук комиссиянын жыйналышында конкурстук комиссиянын төрагасы конкурска катышууга өтүнмөлөр салынган конверттерди ачат. Конверттерди ачууда конкурска катышуучулардын аталышы жана даректери, конкурска катышууга өтүнмөдө камтылган ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык конкурска катышуучуларга коюлган талаптардын ар бири боюнча маалыматтар жарыяланат, алар конкурс өткөрүү жөнүндө протоколго киргизилет. Конкурстун келбей калган катышуучуларына аталган маалыматтар алардын талабы боюнча билдирилет. Конверттерди ачууда конкурстун катышуучулары же алардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
26. Конкурстук комиссия конкурстун катышуучуларынан почта менен аларга билдирүү жиберүү же аны конкурстун катышуучусунун өкүлүнүн өзүнө тапшыруу жолу менен конкурска катышууга өтүнмөлөрүндө камтылган маалыматтарды түшүндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Түшүндүрмө билдирүүнү алган күндөн тартып
3 (үч) жумуш күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
27. Конкурстук комиссия бааны аныктоо методикасына жана ушул Жободо каралган белгиленген талаптарга ылайык конкурстун ар бир катышуучусу үчүн депозитарийдин жыйынды салмактанган баасын аныктайт жана конкурстун катышуучуларынын жыйынтык тизмесинен ага орунду кемүү тартибинде ыйгарат.
28. Ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген Депозитарийди тандоо боюнча конкурс өткөрүүдө депозитарийди жыйынды салмактанган баалоону аныктоо методикасынын 2, 3-пункттарына ылайык кыйла жогорку баа алган жана ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген баардык талаптарга жооп берген конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
29. Конкурстун катышуучусу, эгерде конкурстук комиссия төмөнкүлөрдү аныктаса, анда конкурска андан ары катышуудан четтетилет:
1) конкурстун катышуучусу ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келбесе;
2) конкурстун катышуучусунун конкурска катышууга өтүнмөсү конкурстук документтерде каралган талаптарга жооп бербесе.
30. Конкурстук комиссиянын чечими жыйналышка катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде жыйналышка комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, анда конкурстук комиссия өз компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Комиссия мүчөлөрүнүн добушу тең чыгып калса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
31. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) конкурстун предметин;
2) конкурстун шарттарын;
3) ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын;
4) ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга туура келишин кароонун жыйынтыктарын жана ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын салыштырууну;
5) конкурстун жеңүүчүсүнүн аталышын жана турган жерин, конкурстун катышуучусун конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө конкурстук комиссия кабыл алган чечимдин негиздемесин.
32. Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзүү үчүн негиз болуп саналат.
33. Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде конкурстун уюштуруучусу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүнө төмөнкүлөрдү жөнөтөт:
1) конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколунун бир нускасын ага тиркөө менен аны конкурстун жеңүүчүсү деп таануу тууралуу билдирүүнү;
2) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун же топтолмо пенсиялык фонддун жана депозитарийдин ортосундагы Депозитардык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө типтүү келишимге ылайык түзүлгөн келишимдин долбоорун.
34. Конкурстун жеңүүчүсү жана конкурстун уюштуруучусу конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөн мөөнөттө депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзөт.
35. Конкурстун уюштуруучусу конкурстун жеңүүчүсү аныкталган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кечиктирбей конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде конкурстун уюштуруучусунун расмий сайтына жарыялоого милдеттүү.
36. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү жарыялангандан кийин конкурстун жеңүүчүсү конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартса же качса, конкурстун уюштуруучусу кошумча конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу бербестен, кыйла көп көрсөткүчтөргө ээ болгон конкурстун кийинки катышуучусу менен депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзүүгө укуктуу.
37. Конкурстун катышуучулары конкурстун жыйынтыгы жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин 10 (он) календардык күндүн ичинде конкурстук комиссиянын чечимине Кыргыз Республикасынын административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте же ТПФке караштуу конкурстук комиссиянын чечими боюнча түзүлгөн финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттанууга укуктуу.
| Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишим түзүүгө конкурс уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого | ||
| 1-тиркеме |
Депозитарийди тандоо боюнча конкурс өткөрүүдө депозитарийди жыйынды салмактанган баалоону аныктоо методикасы
1. Бул Методика Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду же топтолмо пенсиялык фонду менен депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзүү үчүн депозитарийди тандоо максатында өткөрүлүүчү конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн депозитарийди жыйынды салмактанган баалоону аныктоо жол-жобосун белгилейт.
2. Депозитарийди жыйынды салмактанган баалоо төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат:
| Көрсөткүчтүн аталышы | Балл | |
| 1) | Депозитарий катары иштин узактыгы | |
| 3төн 5 жылга чейин | 1 | |
| 5тен 7 жылга чейин | 3 | |
| 7 жылдан жогору | 5 | |
| 2) | Депозитарий тарабынан тейленүүчү активдердин өлчөмү (пенсиялык топтолмо каражаттарды кошпогондо) | |
| 10дон 100 млн сомго чейин | 1 | |
| 100дөн 500 млн сомго чейин | 2 | |
| 500дөн 1 млрд сомго чейин | 3 | |
| 1 млрд сомдон жогору | 4 | |
| 3) | Депозитарийдин өздүк каражаттарынын өлчөмү | |
| 1,5тен 5 млн сомго чейин | 1 | |
| 5тен 10 млн сомго чейин | 2 | |
| 10дон 50 млн сомго чейин | 3 | |
| 50 млн сомдон жогору | 4 | |
| 4) | Депозитарий тейлеген кардарлардын саны | |
| 3төн 10 кардарга чейин | 1 | |
| 10дон 20 кардарга чейин | 3 | |
| 20 кардардан жогору | 5 | |
| 5) | Депозитарий тарабынан 1 жылдан кем эмес тейленүүчү кардарлардын саны, активдердин суммасы менен | |
| 5 млн сомго чейин | 1 | |
| 5тен 10 млн сомго чейин | 3 | |
| 10 млн сомдон жогору | 5 | |
| 6) | Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн конкурстун катышуучусу тарабынан сунушталган акынын өлчөмү (тейленүүчү таза активдердин орточо наркынын пайызы) | |
| 0,05 % | 1 | |
| 0,05тен төмөн 0,04 %га чейин | 2 | |
| 0,03төн төмөн 0,02 %га чейин | 3 | |
| 0,02ден төмөн 0,01 %га чейин | 4 | |
| 0,01 %дан төмөн | 5 | |
| 7) | Тиешелүү квалификациялык аттестаты бар штаттык кызматкерлердин (адистердин) (жеке аткаруу органынын же депозитарийдин ишин түздөн-түз камсыз кылуучу өзүнчө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин функцияларын жүзөгө ашыруучу адамды кошкондо) саны | |
| 3 штаттык кызматкер (адис) | 1 | |
| 4төн 6га чейинки штаттык кызматкер (адис) | 1,5 | |
| 7 жана андан ашык штаттык кызматкер (адис) | 2 | |
| 8) | Чыгымдардын жоктугу | |
| конкурска катышууга өтүнмө берген жылга чейинки 2 финансылык жыл үчүн | 1 | |
| конкурска катышууга өтүнмө берген жылга чейинки 2ден ашык финансылык жыл үчүн | 2 | |
| 9) | Бардык деңгээлдердеги бюджеттер алдында мөөнөтү өткөн карыздын жоктугу | |
| конкурска катышууга өтүнмө берген жылга чейинки 3 финансылык жыл үчүн | 1 | |
| конкурска катышууга өтүнмө берген жылга чейинки 3төн ашык финансылык жыл үчүн | 1,5 |
3. Ар бир критерия боюнча аныкталган балл кошулат жана баллдын суммасы конкурска катышкан депозитарийдин жыйынды салмактанган баасы болуп саналат.
| Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишим түзүүгө конкурс уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобого | ||
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду же топтолмо пенсиялык фонддор менен депозитарийдин ортосундагы депозитардык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Соцфонд) же топтолмо пенсиялык фонддор (мындан ары – ТПФ) «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык _____________________________________________________
(Соцфонддун же ТПФтин кызмат адамы негизинде иштөөчү ____________________________________________________________ документтин аталышы жана реквизиттери) ___________________________________________ негизинде иштөөчү ____________________________________________________________ (Соцфонддун же ТПФтин кызмат адамынын ______________________________________________ атынан чыгуучу аты-жөнү, кызмат орду) бир тараптан жана баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти жүзөгө ашырууга 20__-ж. «__» __________ № ____ лицензиянын негизинде иштөөчү ___________________________________________ (депозитарийдин толук жана ____________________________________________________________ кыскача аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы) ____________________________________________________________ (депозитарийдин кызмат адамы негизинде иштөөчү
____________________________________________________________ документтин аталышы жана реквизиттери) ______________________________________________ атынан чыгуучу (депозитарийдин кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду) экинчи тараптан, 20__-ж. «__» ___________ № ___ Депозитарийди тандоо боюнча конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү.
2-глава. Келишимдин предмети
2. Депозитарий Соцфондго же ТПФке пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдерди сактоо жана эсепке алуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Соцфонд же ТПФ мындай кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө милдеттенет.
3. Депозитарий Соцфонддун же ТПФтин тапшырмасы боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга укуктардын Соцфонд же ТПФ тарабынан ишке ашырылышына көмөк көрсөтөт.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздар депозитарийдин милдеттенмелерин камсыздоо болуп саналбайт.
3-глава. Депозитарийдин укуктары жана милдеттери
5. Депозитарий төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген пенсиялык топтолмо каражаттарды тескөө боюнча ишти контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгымдарды төлөөгө.
6. Депозитарий төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбаган учурда Соцфонд же ТПФ менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компания менен тилектеш жоопкерчилик тартууга;
2) пенсиялык топтолмо каражаттарга сатылып алынган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуу үчүн Соцфонд же ТПФ келишим түзгөн ар бир башкаруучу компаниянын атына өзүнчө депо эсебин ачууга;
3) баалуу кагаздардын эсебин жүргүзүүгө жана пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун натыйжасында сатып алынган баалуу кагаздарга укуктардын өткөрүп беришин эсепке алууга;
4) Соцфонд же ТПФ тарабынан башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген пенсиялык топтолмо каражаттарга карата бардык баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн кабыл алууга жана сактоого;
5) финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), Соцфондго же ТПФке, тиешелүү башкаруучу компанияга контролдоонун жүрүшүндө аныкталган олуттуу бузуулар жөнүндө алар аныкталган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен кабарлоого;
6) мамилелердин субъекттерине операциялардын аткарылышы, келишимдерге ылайык эске алынуучу баалуу кагаздардын түрлөрү жана наркы жөнүндө отчетту, депо эсебинин абалы жөнүндө көчүрмөнү, депо эсеби боюнча баалуу кагаздардын кыймылы жөнүндө көчүрмөнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген формалар боюнча жана мөөнөттөрдө берүүгө;
7) Соцфондго же ТПФке жана башкаруучу компанияга чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген депозитардык ишти жана инвестициялык фонддордун жана топтолмо пенсиялык фонддордун депозитарийинин ишин жүзөгө ашырууга лицензияны чакыртып алуу же токтотуп туруу жөнүндө маалымдоого;
8) депозитарийдин уюштуруу документтериндеги өзгөртүүлөр жөнүндө аталган өзгөртүүлөр күчүнө кирген датадан тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен Соцфондго же ТПФке жана башкаруучу компанияга маалымдоого;
9) депозитарийдин жетекчилик курамынын, персоналынын курамынын жана аффиллирленген жактардын курамынын өзгөрүүлөрү жөнүндө Соцфондго же ТПФке, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башкаруучу компанияга аталган өзгөртүүлөр күчүнө кирген датадан тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен маалымдоого;
10) пенсиялык топтолмо каражаттар менен жасалуучу бүтүмдөр жөнүндө маалыматты, ошондой эле пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдери боюнча башкарууда турган таза активдердин наркы жөнүндө маалыматты бүтүм жасалган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен Соцфондго же ТПФке жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө:
11) пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте активдерди башкаруучу компаниядан Соцфондго же ТПФке өткөрүп берүү процессин камсыз кылууга;
12) депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди бузуунун натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон өзүнүн жоопкерчилик тобокелдигин «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда камсыздандырууга;
13) топтолмо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучу компаниялардын же аталган башкаруучу компаниялардын аффилирленген жактарынын биринин да аффилирленген адамы болбоого;
14) купуялуулук режимин сактоого.
4-глава. Соцфонддун жана ТПФтин милдеттенмелери
7. Соцфонд же ТПФ депозитарийге ушул Келишимде белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөйт.
8. Соцфонд же ТПФ депозитарийге төмөнкүлөрдү өткөрүп берет:
1) Соцфонддун же ТПФтин пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүүсүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөлөрүн;
2) камсыздандырылган адамдын инвестициялык портфелди (башкаруучу компанияны) тандоо укугун ишке ашыруу тартибинде башкаруучу компания тарабынан Соцфондго же ТПФке которулууга тийиш болгон пенсиялык топтолмо каражаттардын суммасын көрсөтүү менен талаптарды;
3) камсыздандырылган адамдын инвестициялык портфелди (башкаруучу компанияны) тандоо укугун ишке ашыруу тартибинде башкаруучу компания тарабынан которулган каражаттарды Соцфонддун же ТПФтин алгандыгы тууралуу кабарлоону;
4) кварталдарга жана айларга бөлүштүрүү менен башкаруучу компания тарабынан пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен төлөө үчүн зарыл болгон каражаттарды аларды бир эле убакта башкаруучу компанияга өткөрүп берүү менен Соцфондго же ТПФке которуунун жылдык планын;
5) башкаруучу компания жөнөтүлүүчү бардык документтердин көчүрмөлөрүн (депозитарийдин ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруусу үчүн зарыл болгон башка документтер көрсөтүлөт).
9. Ушул Келишимдин 8-пунктунда каралган документтер кагаз жүзүндө же электрондук документтер түрүндө жөнөтүлөт.
5-глава. Депозитарий тарабынан Соцфондго же ТПФке
көрсөтүлүүчү кызматтарга акы төлөө
10. Ушул Келишим боюнча депозитарий тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга акынын өлчөмү отчеттук жылы башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдердин орточо наркынын (0,1 пайыздан ашык эмес) пайызын түзөт.
11. Соцфонддун же ТПФтин башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдердин наркынан пайыздарда аныкталуучу депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча жалпы чыгымдары «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген кызматтар көрсөтүүлөргө акынын өлчөмдөрүнөн ашпайт.
12. Ушул Келишимдин максаттарында таза активдердин орточо наркы отчеттук жылдын ар бир жумуш күнүнүн жана ал жумуш эмес күнгө дал келсе, отчеттук жылдын отчеттук кварталынын акыркы календардык күнүнүн аягына карата таза активдердин наркын кошуу жана алынган сумманы отчеттук мезгилдеги таза активдердин наркы эсептелген күндүн санына бөлүү менен эсептелет.
13. Ушул Келишим боюнча депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө башкаруучу компания тарабынан төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырат:
депозитарий ай сайын Соцфондго же ТПФке башкаруучу компанияга карата кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө жөнүндө талапты жөнөтөт ____________________________________________________________ (талапты жөнөтүү мөөнөтү көрсөтүлөт)
Соцфонд же ТПФ аталган талапты алган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Соцфонд же ТПФ башкаруучу компанияга депозитарий көрсөткөн кызматтарга акы төлөө жөнүндө тапшырманы жөнөтөт.
14. Отчеттук жыл аяктаганга чейин ушул Келишим токтотулган (бузулган) учурда ушул Келишим боюнча эсептешүүлөр ушул Келишим токтотулган (бузулган) датага карата депозитарийдин Соцфондго же ТПФке иш жүзүндө кызматтарды көрсөткөн мөөнөттү эске алуу менен эсептөөлөрдү салыштыруу актысынын негизинде жүргүзүлөт.
6-глава. Тараптардын жоопкерчилиги
15. Депозитарий Соцфонддун же ТПФтин алдында депозитардык ишти жүзөгө ашыруу эрежелерин сактабагандыгы үчүн, сактоого кабыл алынган баалуу кагаздардын депо эсептери боюнча жазууларынын жана аларга болгон укуктардын сакталышы, толуктугу жана тууралыгы, анын ичинде баалуу кагаздардын сертификаттарынын сакталышы үчүн, ошондой эле депозитарийдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Келишимдин талаптарын сактабагандыгынан улам Соцфонддун же ТПФтин тарткан чыгымдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
16. Соцфонд же ТПФ ушул Келишимде каралган милдеттерди аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун натыйжасында келтирилген чыгымдар үчүн депозитарийдин алдында жоопкерчилик тартат.
7-глава. Корутунду жоболор
17. Ушул Келишимде каралган документтер кагаз жүзүндө жөнөтүлөт.
18. Ушул Келишим ______________________________________
_____________________________________________________ түзүлдү. (ушул келишим колдонулган мезгил көрсөтүлөт) Келишим ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
19. Бул Келишим төмөнкү датадан тартып токтотулат:
1) депозитардык ишти жүзөгө ашырууга депозитарийдин лицензиясынын колдонулушу токтотулган же жокко чыгарылган;
2) депозитарийге банкроттук жол-жобосу колдонулган;
3) депозитарийди кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган.
20. Ушул Келишимдин 16-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, депозитарий Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келбей калган учурда, ошондой эле ушул Келишимге ылайык ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган бузууларды Соцфонддун же ТПФтин кабарлоосу боюнча
милдеттерди бир нече жолу аткарбаган учурда Соцфонд же ТПФ ушул Келишимдин аткарылышын токтотууга укуктуу. Мындай учурда бул Келишим Соцфонд же ТПФ келишимден баш тартуу жөнүндө кабарлоону депозитарийге жөнөткөн датадан тартып 1 (бир) ай өткөндөн кийин бузулду деп эсептелет.
21. Ушул Келишим токтотулган (бузулган) учурда депозитарий Соцфонд же ТПФ тиешелүү келишимди түзгөн башка депозитарийге ушул Келишим боюнча милдеттерди аткарууга байланышкан бардык документтер өткөрүп берилгенге чейин аталган документтерди сактоону жүзөгө ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндөЗакон · 04.07.2011 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июлундагы № 497 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу…Постановление · 18.07.2026 · № 497