# 4-берене

- Документ: [Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 "Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5797/edition/56237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048932/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 189-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Адамдын тең укуктуулугун этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген бузуу, атап айтканда, укуктарын түз же болбосо кыйыр чектөө, анын ичинде укукту ишке ашырууга тоскоолдук кылуу же болбосо андай мүмкүнчүлүктөн ажыратуу, же жынысына, расасына, улутуна, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына жараша түз же болбосо кыйыр артыкчылыктарды белгилөө - эки айдан бир жылга чейинки түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

---

Мурунку берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-373)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-5)
