# 3-берене

- Документ: [Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 "Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5797/edition/56237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048932/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-3

---

"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 290-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 221 жана 222-беренелер менен толукталсын:

"221-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъекттин жооптуу кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.

Квалификацияны жогорулатуу республикалык бюджеттин, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен бул мезгилде эмгек акысын сактоо менен окуу программаларына ылайык жылына бирден кем эмес жолу жүзөгө ашырылат.

2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер өздөрүнүн окуу жайларында квалификацияны жогорулатуу жана окутуу программаларына гендердик теңчилик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча милдеттүү түрдө окутуу курсун киргизет.

Бул курс боюнча окутуунун натыйжалары кызматкерлерди кызматы боюнча жогорулатуу, ротациялоо жана сыйлоо жөнүндө маселени кароодо эсепке алынууга тийиш.";

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-2)  
Кийинки берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-222)
