# 222-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин кызматкерлерин материалдык эмес шыктандыруу чаралары

- Документ: [Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 "Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5797/edition/56237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048932/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 222-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-222

---

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин кызматкерлерине кошумча дем берүү максатында материалдык эмес шыктандыруу тутуму колдонулат.

2. Материалдык эмес шыктандыруу тутуму сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрүнөн түзүлөт:

1) ыраазычылык жарыялоо;

2) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;

3) мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары менен сыйлоо;

4) эстелик белеги, төш белгиси менен сыйлоо;

5) мурда салынган тартиптик жазаны алып салуу.

3. Кызматчыны сыйлоо чаралары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин жетекчиси тарабынан колдонулат.";

3) 4-главада:

а) 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-глава. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана отчеттуулук";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 371 - 373-беренелер менен толукталсын:

"371-берене. Гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук Гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин мониторинги жана анын ишке ашырылышын баалоо алардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен гендердик өзүн өзү баалоону жүргүзүү үчүн индикаторлордун негизинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттер тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-3)  
Кийинки берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-372)
