Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-берене. Үй-бүлөлүк милдеттерди жана чарбачылык боюнча үй жумуштарын аткаруудагы гендердик теңчилик
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы
Мамлекет чарбачылык боюнча үй жумушун тааныйт. Чарбачылык боюнча үй жумушу үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жана руханий керектөөлөрүн калыптандырат, колдойт жана өнүктүрөт. Мамлекет улуттук шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келген бардык чараларды, анын ичинде үй-бүлөлүк милдеттери бар жумушчуларга эмгек ишин баштоого же улантууга, ошондой эле бул милдеттерге байланыштуу жумушта жок болуусунан кийин аны кайра баштоого мүмкүнчүлүк берүүчү кесиптик багыт жана даярдоо жаатындагы чараларды көрөт. Чарбачылык боюнча үй жумушу үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан ыктыярдуу негизде аткарылат жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн гендердик жана басмырлоонун башка формаларынын ыкмасы катары болбойт жана ар башка жыныстагы адамдар тарабынан бирдей даражада жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Жалдоочу үй-бүлөлүк милдеттер эркек жана аял кызматкерлердин экономикалык ишке даярдануу, жетүү, катышуу же илгерилөө мүмкүнчүлүктөрүн чектеген учурда акы төлөнүүчү эмгек менен үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруунун ортосунда тең салмактуулукка жетишүүгө багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк милдеттер өз алдынча эмгек мамилелерин токтотуу үчүн негиз боло албайт. Эркектер менен аялдар чарбачылык боюнча үй жумушун аткаруу, ошондой эле өздөрүнүн багуусунда турган балдарына, алардын багуусуна жана жардамына анык муктаж болгон үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган башка жакын туугандарына карата үй-бүлөлүк милдеттерин аткаруу боюнча бирдей милдетти аткарат. Үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруу эркектерди жана аялдарды экономикалык ишке даярдануу, жетүү, катышуу же илгерилетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоого тийиш. Мамлекет үй эмгеги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө жарандык коомду жана жеке секторду колдойт жана кызматташат.";
11) 24-берененин экинчи бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Президенттин сунуштамасы боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушунун негизинде Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларын шайлайт;
- Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитет;";
12) 25-берененин аталышында жана биринчи бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 26-беренеде:
а) бешинчи абзац "мамлекеттик программаларга" деген сөздөрдөн кийин "гендердик индикаторлордун негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
б) сегизинчи абзац "фактыларын каттоону жана" деген сөздөрдөн кийин "мындай статистиканы кийин мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
в) онунчу абзацта "жүзөгө ашырат" деген сөздөр "системалуу жүзөгө ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 29 жана 30-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун гендердик экспертизасы Гендердик экспертиза гендердик теңчилик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында жана алардын долбоорлорунда гендердик теңчиликти бузуу фактыларын изилдөө жапа табуу, ошондой эле иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда гендердик теңчиликти бузуу фактыларына жол бербөө, ар башка жыныстагы адамдарга адамдын жашоо-тиричилигинин саясий, социалдык, экономикалык, эмгектик, маданий жана башка чөйрөлөрүндө бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү принцибин сактоо, эркектерди жана аялдарды жыныстык белгиси боюнча басмырлоодон коргоо максатында жүргүзүлөт. Гендердик экспертиза ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ченемдик укуктук актынын же мындай актынын долбоорунун эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу принцибине дал келбегендиги аныкталган учурда, гендердик экспертизанын корутундусу мындай ченемдик укуктук актыны кабыл алган органга жиберилет. Гендердик экспертиза жүргүзүү тартиби ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.";
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048932/st-22" title="22-берене - Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>