# 2-берене

- Документ: [Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 "Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5797/edition/56237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048932/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-2

---

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 16-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси бош кызмат орунга кадрлар резервинде турган адамды же болбосо мамлекеттик жарандык кызматчыны, муниципалдык кызматчыны ал мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык болгондо, ошондой эле бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен ротациялоо тартибинде дайындоого укуктуу.";

2) 17-берененин 3-бөлүгү "кирүү эрежелери" деген сөздөрдөн кийин "бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-30)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932/st-3)
