# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 249 (Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү курулуш, жайгаштыруу, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 249 (Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү курулуш, жайгаштыруу, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048928>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19946/edition/56224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048928.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 249 (Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү курулуш, жайгаштыруу, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө) тескемеси (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048928

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 8-июлу № 249

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ыкчам ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча аткаруучуну аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте даярдасын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 157 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
