# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 471 "Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 471 "Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 471
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56630/edition/56221/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 471 "Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (09.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048925

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 9-июлу № 471

Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартибин бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген штаттык санынын, ошондой эле тиешелүү жылга каралган бюджеттин чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
