Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 470 токтомуна) |
Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 197 "Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыкты жана 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүүнүн эрежелерин белгилейт.
2. Кошумча (акыркы) легалдаштыруу бир жолку өзгөчө чара болуп саналат жана узартылууга тийиш эмес.
3. Ушул Тартиптин колдонулушу мамлекеттик катталууга тийиш болгон M1, M1G, M2, M2G, N1, N1G жана N2 категорияларындагы транспорт каражаттарына жайылтылат.
4. Бул Тартип төмөнкү транспорт каражаттарына жайылтылбайт:
1) 2024-жылдын 31-декабрынан кийин ташып келинген;
2) эл аралык кыймылда жүргөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик катталууга тийиш болбогон;
4) транспорт каражатынын конструкциясына өндүрүүчү завод тарабынан жана (же) конструктордук документтерде каралбаган, техникалык кароону жана транспорт каражатынын конструкциясынын жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына шайкештигин баалоону жүргүзүү боюнча уюмдар тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу өзгөртүүлөр киргизилген;
5) убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосунда же Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик каттоону жокко чыгаруучу башка бажы жол-жоболорунда турган;
6) рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлгөн (оң тарабынан сол тарабына которулган).
5. Легалдаштырууну жүргүзүү мезгили 2026-жылдын 10-июлунда башталат жана 1-сентябрын кошкондо аяктайт.
2-глава. Легалдаштырууга уруксат берүүнүн шарттары
6. Төмөнкү шарттар бир убакта сакталган учурда транспорт каражаттарын легалдаштырууга уруксат берилет:
1) транспорт каражатын VIN-коду же болбосо башка заводдук идентификациялык номерлери боюнча идентификациялоо;
2) ички иштер органдарынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларынын эсеби боюнча издөөдө жоктугу;
3) идентификациялык номерлерин (VIN) өзгөртүү, жок кылуу же болбосо жасалмалоо белгилеринин жоктугу;
4) транспорт каражатын 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып келүү фактысын ырастоо;
5) мамлекеттик каттоого тоскоолдук кылуучу чектөөлөрдүн жоктугу.
7. Мамлекеттик маалыматтык системаларда транспорт каражатын ташып келүү датасы жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда жана аны документ түрүндө ырастоо мүмкүн болбогондо транспорт каражатын ташып келүү датасы болуп 2024-жылдын 30-декабры эсептелет.
8. Легалдаштыруу Кыргыз Республикасынын бир жаранына катталуучу бирден ашык эмес транспорт каражатына карата жол берилет.
3-глава. Легалдаштырууну жүргүзүү тартиби
9. Легалдаштыруу транспорт каражаттарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
10. Легалдаштыруудан өтүү үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
1) белгиленген формадагы арызды;
2) инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти;
3) кароо үчүн транспорт каражатын;
4) транспорт каражатынын документтерин жана чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилерин (болгон учурда);
5) транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутундуну;
6) белгиленген жыйымдардын жана каттоо төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө документтерди.
11. Арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
12. Ыйгарым укуктуу кызматкер:
1) арыз ээсин идентификациялайт;
2) арызды түзөт;
3) транспорт каражатын мамлекеттик маалыматтык системалар боюнча текшерет;
4) чек ара, бажы жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде ташып келүү фактысын белгилейт;
5) транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтар менен салыштырып текшерүүнү жүргүзөт;
6) транспорт каражатын кароону жана милдеттүү фотофиксациялоону жүргүзөт;
7) мамлекеттик каттоо же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Транспорт каражаттарынын айрым категорияларынын шайкештигин техникалык экспертиза формасында баалоо техникалык кароону жүргүзүү жана (же) транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутунду таризделет.
14. Транспорт каражаттарынын айрым категориялары үчүн транспорт каражатынын шайкештигин техникалык экспертиза формасында баалоону жүргүзүү үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
1) шайкештикти баалоону техникалык кароону жүргүзүү боюнча аккредитацияланган контролдоо органы белгилеген форма боюнча жүргүзүүгө арызды;
2) "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта);
3) транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү (болгон учурда);
4) транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документти (болгон учурда);
5) шайкештикти баалоону жүргүзүү үчүн транспорт каражатын;
6) ыйгарым укуктуу органдын транспорт каражатындагы идентификациялык номердин (VIN-номер) алмаштырылбагандыгы, бузулбагандыгы жана/же кайра басылбагандыгы жөнүндө маалымкатын же корутундусун (транспорт каражатын идентификациялоочу документтер жок болгон учурда).
15. Транспорт каражатын кароону жүргүзүүдө контролдоо органдары өндүрүүчүнүн маалыматтарын, идентификациялык номердин (VIN) маалыматтарын, расмий каталогдордун маалыматтарын жана транспорт каражатынын күч түзүлүшүнүн тибин, кыймылдаткычынын көлөмүн жана башка техникалык мүнөздөмөлөрүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү башка документтерди пайдаланууга укуктуу.
16. Арызды кароодо ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системаларынын маалыматтарын, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында алынган маалыматтарды пайдаланууга укуктуу.
17. Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалыматтары менен берилген документтердин же болбосо текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда ыйгарым укуктуу орган кошумча текшерүүнү жүргүзүү үчүн арызды кароону 30 календардык күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турууга укуктуу.
18. Кошумча текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча транспорт каражатын мамлекеттик каттоо же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
4-глава. Легалдаштыруунун шарттары жана наркы
19. Легалдаштыруу акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
20. Легалдаштыруу үчүн жыйымдын төмөнкү өлчөмдөрү белгиленет:
1) кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб.см кошкондо, болгон транспорт каражаттары - 500 эсептик көрсөткүч;
2) кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб.см жогору болгон транспорт каражаттары - 1000 эсептик көрсөткүч;
3) жалаң гана электр күч түзүлүшү менен жабдылган транспорт каражаттары - 500 эсептик көрсөткүч.
21. Легалдаштыруунун жыйынтыгы боюнча укук белгилөөчү документтердин толук комплекти жок транспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын "10" региондук санариптик коду менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилери берилет.
5-глава. Легалдаштырылган транспорт каражаттарына карата чектөөлөр
22. Транспорт каражатын башкаруу укугун чектелген тартипте өткөрүп берүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
1) транспорт каражатынын менчик ээси каза болгон учурда транспорт каражатынын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарынын бирине) мураскерлик укуктарын тариздөөдө жана ырастоочу документтерди (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, мураска укук жөнүндө күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу күбөлүк) көрсөткөндө;
2) транспорт каражатынын менчик ээси соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган учурда транспорт каражатынын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарынын бирине) же камкорчу же көзөмөлчү болуп дайындалган адамга ырастоочу документтерди (соттун чечими, камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө документ, нике тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу күбөлүк) көрсөткөндө.
23. Легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн жана Кыргыз Республикасынын "10" региондук коду менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарына карата төмөнкүдөй чектөөлөр белгиленет:
1) транспорт каражатын ээликтен ажыратууга тыюу салуу;
2) транспорт каражатын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салуу;
3) ушул Тартиптин 22-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, башкаруу укугун башка адамга өткөрүп берүүгө тыюу салуу.
24. Ушул главада белгиленген чектөөлөр транспорт каражаттарынын мамлекеттик реестрине жана каттоо аракеттерин жүзөгө ашырууда колдонулуучу мамлекеттик маалыматтык системаларга милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш. Ушул главада каралган чектөөлөрдү бузуу менен каттоо аракеттерин жасоого жол берилбейт.
6-глава. Арыз ээсинин милдеттенмелери
25. Арыз ээси ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык берилген маалыматтардын аныктыгы жөнүндө милдеттенмеге транспорт каражатына карата төмөнкүлөрдү ырастоо менен кол коёт:
1) издөөдө турбагандыгын;
2) айдап качкан же уурдалган болуп саналбагандыгын;
3) камакта турбагандыгы;
4) күрөөдө турбагандыгын;
5) үчүнчү жактар менен талаш предмети болуп саналбагандыгын;
6) убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосунда турбагандыгын;
7) Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттик каттоону жокко чыгаруучу бажы мыйзамдарына ылайык башка бажы жол-жобосунда турбагандыгын;
8) арыз ээси берген ташып келүү датасы жөнүндө маалыматтардын чындыкка дал келгендигин жана мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтар жана анын карамагында турган документтерге шайкештигин.
Мамлекеттик маалыматтык системаларда ташып келүү датасы жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда ушул Тартипте белгиленген ташып келүү датасын аныктоо тартиби колдонулат. Арыз ээси ташып келүү транспорт каражатын ташып келүү датасын белгилөөгө таасир этүүчү анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
26. Арыз берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) транспорт каражатын ээликтен ажыратпоого жана аны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыкпоого;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкарууну үчүнчү жактарга өткөрүп бербөөгө;
3) ыйгарым укуктуу органдардын талабы боюнча транспорт каражатын текшерүү үчүн берүүгө.
7-глава. Баш тартуу үчүн негиздер
27. Мамлекеттик каттоодон төмөнкүдөй учурларда баш тартылат, эгерде:
1) транспорт каражаты издөөдө болсо;
2) транспорт каражаттарынын идентификациялык номерлерин (VIN) өзгөртүү, жок кылуу же жасалмалоо белгилери аныкталса;
3) транспорт каражатын ишенимдүү идентификациялоо мүмкүн болбосо;
4) транспорт каражаты 2024-жылдын 31-декабрынан кийин ташып келингендиги аныкталса;
5) анык эмес маалыматтар же документтер берилсе;
6) башка транспорт каражатына карата берилген документтерди пайдалануу белгилери аныкталса;
7) транспорт каражаттарын алмаштырып коюу белгилери аныкталса;
8) мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтар менен берилген документтердин ортосунда кошумча текшерүүнүн жүрүшүндө четтетилбеген карама-каршылыктар аныкталса;
9) бузууларды автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоо системалары менен белгиленген жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү бузуулар жөнүндө иштер боюнча толук аткарылбаган токтомдор бар болсо;
10) транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутундунун талаптарына транспорт каражаты шайкеш келбесе;
11) транспорт каражатын мамлекеттик каттоого тоскоолдук кылган жагдайлар четтетилбесе.
8-глава. Легалдаштыруунун жыйынтыгы
28. Легалдаштыруу жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда транспорт каражатын мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт жана төмөнкүлөр берилет:
1) транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилери.
29. Катталган транспорт каражаттары жана белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системаларга жана транспорт каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилет.
9-глава. Даттануу
30. Мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдер "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
| | | Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибине 1-тиркеме |
Берилген маалыматтардын аныктыгы жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ
Мен, ________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты (болгон учурда) толугу менен)
паспорт: сериясы _____________________________ № ______________________________, ___________________________________________________________ тарабынан берилген,
(ким тарабынан жана качан берилген)
___________________________________________________ дарегинде жашаган, байланыш телефону: ______________________________________________________________________ транспорт каражаты жөнүндө мен берген маалыматтар анык жана толук болуп саналарын ырастайм: маркасы, модели _______________________________________________________________; чыгарылган жылы ______________________________________________________________; VIN (идентификациялык номери) __________________________________________________.
1. Транспорт каражатынын укуктук статусун ырастоо
Мен көрсөтүлгөн транспорт каражаты боюнча төмөнкүлөрдү ырастайм: (керектүүсүн белгилөө зарыл) _____________________________________________________
| издөөдө турбагандыгын; | |
| айдап качкан же уурдалган болуп саналбагандыгын; | |
| камакта турбагандыгын; | |
| күрөөдө турбагандыгын; | |
| үчүнчү жактар менен талаш предмети болуп саналбагандыгын; | |
| убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосунда турбагандыгын; | |
| Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык башка бажы жол-жобосунда турбагандыгын |
Мен транспорт каражатын ташып келүү датасы жөнүндө мен берген маалыматтар чындыкка дал келерин жана мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтар жана менин карамагымда турган документтерге шайкештигин ырастайм. Мен мамлекеттик маалыматтык системаларда транспорт каражатын ташып келүү датасы жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда ушул Тартипте белгиленген ташып келүү датасын аныктоо тартиби колдонуларын жана транспорт каражатын ташып келүү датасын белгилөөгө таасир этүүчү анык эмес маалыматтарды бергендигим үчүн жоопкерчилик тартарымды түшүнөм.
2. Арыз ээсинин милдеттенмелери
Мен төмөнкүлөргө милдеттенем:
- транспорт каражатын ээликтен ажыратпоого;
- транспорт каражатын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыкпоого;
- ушул Тартипте каралган учурларды кошпогондо, транспорт каражатын башкарууну үчүнчү жактарга өткөрүп бербөөгө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча транспорт каражатын текшерүүнү жана кароону жүргүзүү үчүн берүүгө.
3. Жоопкерчилик
Мага транспорт каражатын легалдаштырууну жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон анык эмес маалыматтарды, документтерди берүү же жагдайларды жашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон баш тартуу же легалдаштыруунун жыйынтыктарын жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналары эскертилди. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анык эмес маалыматтарды берүү үчүн жоопкерчиликти түшүнөм. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда текшерүүнү, кароону жүргүзүүгө, документтерди алып коюуга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды көрүүгө тоскоолдук кылбоого милдеттенем.
Датасы: 2026-жылдын "___" ____________________
Кол тамгасы: _________________________________
| | | Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибине 2-тиркеме |
Транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө КОРУТУНДУ № ________________________________________ (корутундунун каттоо номери)
Контролдоо органы _____________________________________________________________
(толук жана кыскартылган аталышы, дареги, аккредитациялоо
аттестатынын номери, колдонуу мөөнөтүнүн аякташы)
| Транспорт каражаты | |
| Маркасы | |
| Коммерциялык аталышы | |
| Тиби | |
| Шасси (башка өндүрүүчүнүн шассиси пайдаланылган учурда гана) | |
| Идентификациялык номери (vin) | |
| Чыгарылган жылы | |
| Категориясы | |
| Арыз ээси жана анын дареги | |
| Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөсү | |
| Дөңгөлөк формуласы/жетектөөчү дөңгөлөктөр | |
| Транспорт каражатынын компановкалоо схемасы | |
| Кузовунун тиби/эшиктердин саны (M1 категориясы үчүн) | |
| Алдынкы/арткы орундардын саны (M1 категориясы үчүн) | |
| Жүктөө мейкиндигинин аткарылышы (N категориясы үчүн) | |
| Кабинасы (N категориясы үчүн) | |
| Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу (M2 категориясы үчүн) | |
| Отуруу үчүн орундардын саны (M2 категориясы үчүн) | |
| Транспорт каражатынын жабдылган абалдагы массасы, кг | |
| Транспорт каражатынын техникалык жактан уруксат берилген максималдуу массасы, кг | |
| Габариттик өлчөмдөрү, мм: - узундугу; - туурасы; - бийиктиги | |
| База, мм | |
| Алдынкы/арткы дөңгөлөктөрдүн изи, мм | |
| Гибриддик транспорт каражатынын сыпаттамасы | Тышкы булактан кубаттоо каралган же каралбаган; каралган иштөө режимдери (саноо керек): ичинен күйүүчү кыймылдаткыч гана, электр кыймылдаткыч гана, айкалыштырылган (бул иштөө режиминин кыскача сыпаттамасы) |
| Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы (маркасы, тиби): - цилиндрдин саны жана жайгашуусу; - цилиндрлердин жумушчу көлөмү, см3 | |
| - кысуу даражасы; - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин.-1) отун | |
| Азыктандыруу системасы (тиби) | |
| От алдыруу системасы (тиби) | |
| Электромобилдин электр кыймылдаткычы (маркасы, тиби) | (туруктуу же өзгөрмөлүү ток, өзгөрмөлүү ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондуу, фазалардын саны) |
| Жумушчу чыңалуу, В | |
| Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулук, кВт | |
| Энергия топтоочу түзүлүш (электромобилдер жана гибриддик транспорт каражаттары үчүн) | (батарея, конденсатор, маховик/генератор) |
| Трансмиссиясы | (трансмиссия схемасынын тиби жана сыпаттамасы) |
| Электромашина: (маркасы, тиби) | (ар бир электромашинанын сыпаттамасы: негизги функциясы (кыймылдаткыч же генератор), туруктуу же өзгөрмөлүү ток, өзгөрмөлүү ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондуу, фазалардын саны) |
| Жумушчу чыңалуу, В | |
| Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулук, кВт Илештирүү (маркасы, тиби) Которуу кутусу (маркасы, тиби) | |
| Асма (тиби): - алдынкы; - арткы. Рулдук башкаруу (маркасы, тиби) | |
| Тормоздук системалар (тиби): - жумушчу; - запастык; - токтотуучу | |
| Шиналар (өлчөмүн белгилөө) | |
| Транспорт каражатынын кошумча жабдуусу |
Транспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоого жол берилет. Кошумча маалымат: ___________________________________________ Тариздөө датасы "____" _____________________________ 20______-ж. Контролдоо органынын жетекчиси _____________ ____________________________
кол тамгасы инициалдары, фамилиясы МО
Транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутунду А4 (210х297 мм) форматындагы ак түстөгү кагазда таризделет, техникалык кароону жүргүзүү боюнча контролдоо органынын жетекчисинин кол тамгасы жана анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутундунун бардык талаалары электрондук басма түзүлүштөрүн колдонуу менен мамлекеттик жана расмий тилдерде толтурулууга тийиш. Зарыл болгон учурда продукция (тиби, маркасы, модели ж.б.) тууралуу маалыматтар латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен көрсөтүлүшү мүмкүн Ушул буйрукта каралбаган маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле сөздөрдү кыскартууга жана текстти кандай болбосун оңдоого жол берилбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 470 «Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштыруу жүргүзүүнүн…Постановление · 09.07.2026 · № 470
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 197 "Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу…Указ · 03.06.2026 · № 197
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210