# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июлу № 501 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июлу № 501 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 501
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048882>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56600/edition/56172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048882.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июлу № 501 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048882

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 22-июлу № 501

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлар бериле турган субъекттердин тизмегинде:

– төмөнкүдөй мазмундагы 75-пункт менен толукталсын:

"

| 75 | "Кыргыз Республикасынын парустук спортунун федерациясы" коомдук бирикмеси | 00311199210095 | |

";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарларды импорттоочу субъекттердин тизмегинде:

– төмөнкүдөй мазмундагы 75-пункт менен толукталсын:

"

| 75 | "Кыргыз Республикасынын парустук спортунун федерациясы" коомдук бирикмеси | 00311199210095 | |

";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлардын тизмегинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 172-176-пункттар менен толукталсын:

" Begin\_nocompare

| 172 | Парустук кемелер, үйлөтүлүүчү кемелерден тышкары, көмөкчү кыймылдаткычы бар же жок, узундугу 7,5 метрден ашык эмес (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү парустук кемелерге карата гана) | 8903 21 000 0 |
| --- | --- | --- |
| 173 | Парустук кемелер, үйлөтүлүүчү кемелерден тышкары, көмөкчү кыймылдаткычы бар же жок, узундугу 7,5 метрден ашык, бирок 24 метрден ашык эмес (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү парустук кемелерге карата гана) | 8903 22 000 0 |
| 174 | Парустук кемелер, үйлөтүлүүчү кемелерден тышкары, көмөкчү кыймылдаткычы бар же жок, узундугу 24 метрден ашык (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү парустук кемелерге карата гана) | 8903 23 000 0 |
| 175 | Парустар | 6306 30 000 0 |
| 176 | Синтетикалык булалардан жасалган аркандар жана тростор | 5607 50 |

End\_nocompare ".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
