Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 14-июлу № 110
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 65-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу, үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"4. Шайлоо мыйзамдарында каралган шайлоо алдындагы мыйзамдуу үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу - жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин башкарууну жүзөгө ашырган адамдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын же болбосо башкаруучу компаниянын шайлоо мыйзамдарында каралган шайлоо алдындагы мыйзамдуу үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуусу -
жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу деп, эгерде мындай аракеттер ушул Кодексте каралган башка укук бузуулардын белгилерин камтыбаса, мыйзамдарда тыюу салынбаган ыкмада жана тартипте шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү максатында жайларга, объекттерге же аймактарга кирүү үчүн тоскоолдуктарды мыйзамсыз түзүү же шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте берилген объекттерди, жайларды, аянттарды, нерселердин үстүн же конструкцияларды берүүдөн негизсиз баш тартуу же болбосо аларды пайдаланууну токтотуу жөнүндө талап коюу, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же аны жүргүзүүнү олуттуу кыйындаткан башка шарттарды атайылап түзүү же болбосо ушундай шарттарга жол берүү түшүнүлөт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 53 (3813) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров | |
| 2026-жылдын 3-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128