# 9-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги

- Документ: [Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлу № 113 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5795/edition/56093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048800/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө, 9-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-9

---

1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору кызматтарды көрсөтүү процессин юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги алкагында өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди аткаруу үчүн юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Кызматтарды көрсөтүү процессин аутсорсингге өткөрүп берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди кызматтарды көрсөтүүгө тартуу кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторун аларды көрсөтүүнүн сапаты, өз убагында көрсөтүлүшү жана коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-10)
