# 8-берене. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу

- Документ: [Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлу № 113 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5795/edition/56093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048800/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө, 8-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-8

---

1. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын суроо-талаптарын кабыл алууну жана иштеп чыгууну;

2) кызматтарды санариптик, проактивдүү же башка формада көрсөтүүнү;

3) көрсөтүлгөн кызматтардын эсебин жүргүзүүнү жана мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторуна маалымат берүүнү;

4) кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары, мөөнөттөрү жана натыйжалары жөнүндө алуучуларга маалымдоону.

2. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты, коопсуздугу, өз убагында көрсөтүлүшү жана мыйзам ченемдүүлүгү үчүн административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары кызматтарды көрсөтүүдө жеке маалыматтарды коргоо жана маалыматтык коопсуздук жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-9)
