# 7-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору

- Документ: [Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлу № 113 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5795/edition/56093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048800/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө, 7-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-7

---

1. Кызматтарды көрсөтүүнүн администратору:

1) кызматтарды көрсөтүү процессин уюштурат жана координациялайт;

2) кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана коопсуздугун камсыз кылат;

3) кызматтарды санариптик жана проактивдүү формаларда көрсөтүү үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана санариптик сервистер менен ресурстарды интеграциялоо үчүн шарттарды түзөт;

4) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын кызматтарды көрсөтүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын жакшыртуу жөнүндө сунуштарын карайт;

5) өз компетенциясынын чегинде кызматтарды көрсөтүү процессин уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору айрым кызмат көрсөтүүлөр боюнча бир эле убакта кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу катары чыга алат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-8)
