# 6-берене. Кызматтарды көрсөтүүнүн санариптик формасы

- Документ: [Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлу № 113 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5795/edition/56093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048800/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө, 6-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-6

---

1. Кызматтарды көрсөтүүнүн санариптик формасы артыкчылыктуу болуп саналат. Керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана басмырлоого жол бербөө максатында кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун альтернативдүү формаларын камсыз кылат.

2. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу арыз ээсинен санариптик өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алынышы мүмкүн болгон маалыматты же документтерди талап кылууга укуксуз.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жана мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн санариптик сервистер (мамлекеттик сервистер) Улуттук санарип экотутумунун алкагында берилет. Мамлекеттик сервистерди түзүү жана пайдалануу эрежелери Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси менен белгиленет.

4. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык башка маалыматтык тутумдар аркылуу же болбосо мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу санарип сервиси түрүндө көрсөтүлүүчү кызматтарды кошпогондо, Санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы санариптик формада кызматтарды көрсөтүү үчүн жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү терезеси катары чыгат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-7)
