# 5-берене. Кызмат көрсөтүүнүн проактивдүү формасы

- Документ: [Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлу № 113 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5795/edition/56093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048800/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө, 5-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-5

---

1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, кызмат көрсөтүүлөрдүн башка аткаруучуларында болгон маалыматтардын негизинде окуя же юридикалык мааниге ээ жагдай келип чыкканда алуучунун суроо-талабы жок автоматтык түрдө проактивдүү формада кызмат көрсөтүүнү демилгелейт.

2. Проактивдүү формадагы кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй берилет:

1) алуучунун кошумча аракеттерисиз, ага кабарлоо менен;

2) алуучунун макулдугу менен.

3. Проактивдүү формада кызматтарды көрсөтүүдө кызмат көрсөтүүнү алуучуга төмөнкүлөргө кепилдик берилет:

1) кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу укугу;

2) анын натыйжаларына даттануу мүмкүнчүлүгү.

4. Проактивдүү формада кызматтарды көрсөтүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-6)
