# 12-берене. Кызматтарды көрсөтүүнү контролдоо

- Документ: [Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлу № 113 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5795/edition/56093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048800/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө, 12-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-12

---

1. Ыйгарым укуктуу орган Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү методикага ылайык төмөнкүлөргө контролду жүзөгө ашырат:

1) кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлорунун жана аткаруучуларынын ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча ишине;

2) кызматтарды көрсөтүүнүн санариптик формасынын, анын ичинде санариптик кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик маалыматтык тутумдарын пайдалануу менен кызматтарды көрсөтүүнүн артыкчылыгынын сакталышына.

2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн методиканын негизинде кызматтарды көрсөтүүгө ички контролду жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-13)
