# 1-берене. Жөнгө салуу предмети

- Документ: [Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлу № 113 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5795/edition/56093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048800/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө, 1-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-1

---

1. Ушул Мыйзам мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу жана берүү менен байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөр менен байланышкан укуктук мамилелерге жайылтылбайт:

1) лицензиялык-уруксат берүү тутуму;

2) мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин иши;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын өз функцияларын жүзөгө ашырууда ведомстволор аралык жана ички ведомстволук өз ара аракеттенүүсү, мындай өз ара аракеттенүү конкреттүү кызмат көрсөтүүнүн жол-жобосунун курамдык бөлүгү же бири-бирине кызматтарды көрсөтүү болуп саналганда.

Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар, жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине көрсөтүлүүчү кызматтар жарандык мыйзамдарга ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048800/st-2)
