Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 14.07.2026 редакциясы
«Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 5-апрели, № 32) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 3-пунктта:
– «б»–«г» пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы «е» пунктчасы менен толукталсын:
«е) 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн, жеке турак үйлөр, анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер жайгашкан, башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген, ошондой эле 2025-жылдын 1-июлун кошуп алганга чейин берилген жарандардын арыздары боюнча кандайдыр бир курулмалары жок жер участоктору;»;
б) 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген жер участоктору – 2021-жылдын 1-декабрына чейин жеке турак үйлөр (анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер) курулган жер участокторунун жыйындысы, ошондой эле бири бирине чектешкен жана (же) аймактык жактан байланышкан бирдиктүү тышкы чек араларын аныктоону талап кылуучу, кандайдыр бир курулмалары жок жер участоктору.»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 51-берене менен толукталсын:
«51-берене. Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссия
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт (мындан ары - Мамлекеттик комиссия).
2. Мамлекеттик комиссия 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн, кандайдыр бир курулмалары жок, башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген жер участокторун легалдаштыруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун мамлекеттик менчикке алып коюу маселелерин карайт.
3. Мамлекеттик комиссиянын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.";
3) 10-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн жер участоктору, ошондой эле аларга жанаша жайгашкан каттам жолдору катары же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн иш жүзүндө пайдаланылуучу жерлер (жолдор, көчөлөр, тротуарлар, жол боюндагы жер тилкелери, жашыл өсүмдүктөр, автомобиль жолдорунун боюнда жайгашкан жана жээктеп өткөн арык жана башка сугат түйүндѳрү, өтмөктөр, токой парктары, эс алуу парктары, бульварлар, скверлер жана башкалар), багбанчылык-дачалык жер участокторун кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы тарабынан жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлердин тизмегин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.».
Берененин тексти 14.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048791/st-1" title="1-берене - Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>