Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемесинин айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8-июлу № 467
«Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемесинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын физикалык, спорттук жана аскердик-прикладдык даярдоону өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик спорт клубунун ишинин багыттарын кеңейтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.
2. «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
3. «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 22-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту.
5. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн штаттык сандын жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Приложение · 08.07.2026 · № 467
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.02.2023 · № 68
- "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 токтому…Положение · 12.12.2012 · № 828 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 ""Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2012 · № 828 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.02.2023 · № 68
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 ""Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2012 · № 828 · Күчүн жоготкон