Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын иштөө тартибин бекитүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 3-июлундагы № 6-д Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын иштөө тартибин бекитүү тууралуу
Ченемдик укуктук актыларды системалаштыруу, эсепке алуу жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобосунун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын иштөө тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Укуктук маалымат башкармалыгы:
1) ушул буйрука кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын.
2) расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин жана Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына жарыяласын.
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
https://egov.kg/ru/ministry/justice/npa сайтында 2026-жылдын 7-июлундагы жарыяланды
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо өзүмө калтырам.
| Министрдин биринчи орун басары (Министр жок учурда) | | С.Т. Ызакова |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 6-д буйругу…Порядок · 03.07.2026 · № 6-д
- Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын иштөө ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 6-д буйругу менен…Порядок · 03.07.2026 · № 6-д
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.