Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 8-июлу № 107
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 1-июлу, № 48) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1) калктуу конуштардагы дренаждык тутумдардын курулмаларын күтүүнүн, техникалык тейлөөнүн, оңдоонун, реабилитациялоонун, долбоорлоонун жана куруунун тартибин бекитүү;";
2) 17-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) калктуу конуштардагы дренаждык тутумдардын курулмаларын күтүү, техникалык тейлөө, ондоо, реабилитациялоо, долбоорлоо жана куруу.".
2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров | |
| 2026-жылдын 18-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 601-VIII «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 18.06.2026 · № 601-VIII
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128