# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 "Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелерин жана Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 "Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелерин жана Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 498
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048635>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56473/edition/55950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048635.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 "Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелерин жана Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (20.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048635

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 20-июлундагы № 498

Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелерин жана Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө Биологиялык түрдүүлүктү колдоо, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 27-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

2) Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмеси 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 288 «Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды даярдоо жана жыйноо эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
