Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелерин жана Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июлундагы № 498
Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелерин жана Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө Биологиялык түрдүүлүктү колдоо, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 27-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 288 «Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды даярдоо жана жыйноо эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелери (1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Правила · 20.07.2026 · № 498
- Жапайы өсүмдүктөрдүн пайдалануучу түрлөрүнүн тизмеси (2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 токтому менен бекитилди)Перечень · 20.07.2026 · № 498
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.09.2017 · № 606
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы №288 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2011 · № 288 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.09.2017 · № 606
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы №288 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2011 · № 288 · Күчүн жоготкон