# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 466
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56458/edition/55914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048605

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 8-июлу № 466

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын инвентаризациялоонун алкагында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 162 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
