# Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын 2026-жылдын 13-июлундагы № 369 "Ачык сунуш кылынган облигацияларды жоюунун жыйынтыктары жана ачык сунуш кылынган облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жөнүндөгү отчеттордун формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын 2026-жылдын 13-июлундагы № 369 "Ачык сунуш кылынган облигацияларды жоюунун жыйынтыктары жана ачык сунуш кылынган облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жөнүндөгү отчеттордун формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 369
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048601>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1934/edition/55908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048601.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын 2026-жылдын 13-июлундагы № 369 "Ачык сунуш кылынган облигацияларды жоюунун жыйынтыктары жана ачык сунуш кылынган облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жөнүндөгү отчеттордун формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу (13.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048601

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ

2026-жылдын 13-июлундагы № 369

Ачык сунуш кылынган облигацияларды жоюунун жыйынтыктары жана ачык сунуш кылынган облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жөнүндөгү отчеттордун формаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы №178 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө Жобонун 106 жана 108-пункттарын ишке ашыруу, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салууну өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бирдей колдонулушун камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы №319 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу Тартибинин 3,4 жана 12-пункттарын ылайык, буйрук кылам:

1. Бекитилсин:

– ачык сунуш кылынган облигацияларды жоюунун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун формасы 1-тиркемеге ылайык;

– ачык сунуш кылынган облигациялар боюнча кирешелерди жоюунун жөнүндөгү отчеттун формасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Баалуу кагаздар рыногун жана виртуалдык активдерди рынокторун жөнгө салуу бөлүмүнө:

– ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын расмий сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоону камсыз кылсын;

– ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде кабыл алынган буйруктун электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүүнү камсыз кылат.

3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Б.Т. Душебаевге жүктөлсүн.

| Төрага | | К.А. Маматов |

Финкөзөмөлдүн 2026-жылдын 13-июлундагы № 369 буйругунун 1-тиркемеси

Ачык сунуш кылынган облигацияларды жоюунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун титулдук баракчасынын формасы Begin\_nocompare

«\_\_»\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_ж. катталган

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (каттоочу органдын аталышы) Ачык сунуш кылынган облигацияларды жоюунун жыйынтыктары жөнүндөгү ОТЧЕТ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)

Чыгарылыштын катталган мамлекеттик номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Чыгарылышты мамлекеттик каттоого алган дата «\_\_»\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_\_\_\_\_\_ж. Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_­­­­\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү, колу) Башкы бухгалтер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү, колу)

Күнү «\_\_»\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_\_\_\_\_\_ж.

М.О.

Коомдук сунушталган облигацияларды төлөп берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун мазмуну:

1. Облигациянын түрү жана аларды жүгүртүүнүн мөөнөттөрү:

2. Жыйынтык (чыгарылыш, транш) боюнча отчет берилет:

3. Берилүүчү отчеттук чыгарылыштагы транштын саны жана транштын номери (облигациялар транш менен жайгаштырылган учурда):

4. Чыгарылган облигациянын реестр кармоочусу жөнүндөгү маалымат:

5. Чыгарылган облигацияларды жайгаштырылышы жөнүндөгү отчет катталган дата:

6. Облигацияларды жоюу башталган дата:

7. Облигацияларды жоюу бүткөн дата:

8. Облигацияларды жоюунун түрү:

9. Облигацияларды кармоочулардын эмитентке койгон доолору:

10. Облигацияларды чыгаруу учурунда бекитилген мөөнөттө жоюлуп кеткен учурда, жоюунун себептерин, аталган баалуу кагаздарды жоюунун болжолдуу күн көрсөтүлөт:

11. Облигациялардын ээлеринин саны (жалпы саны жана юридикалык жана жеке жактардын сандары өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлөт):

| Инвесторлор | Саны (даана) | Жоюу күнү | Жоюуга пайыз | Жоюлду | Жоюу формасы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Юридикалык жактар |  |  |  |  |  |
| Жеке жак |  |  |  |  |  |

End\_nocompare

Финкөзөмөлдүн 2026-жылдын 13-июлундагы № 369 буйругунун 2-тиркемеси

Ачык сунуш кылынган облигациялар боюнча кирешелерди жоюунун жөнүндөгү отчеттун титулдук баракчасынын формасы Begin\_nocompare

«\_\_»\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_\_\_\_\_-ж. катталган

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (каттоочу органдын аталышы) Ачык сунуш кылынган облигациялар боюнча кирешелерди жоюунун жөнүндөгү ОТЧЕТ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (эмитенттин фирмалык толук аталышы) Чыгарылыштын катталган мамлекеттик номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Чыгарылышты мамлекеттик каттоого алган дата «\_\_»\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_20\_\_\_\_\_\_\_\_\_ж. Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү, колу) Башкы бухгалтер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү, колу)

Күнү «\_\_»\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_\_\_\_ж.

М.О.

Ачык сунуш кылынган облигациялар боюнча кирешелерди төлөп берүү жөнүндөгү отчеттун мазмуну:

1. Облигациялардын кирешелүүлүгү:

– пайыздык ставка;

– бир облигацияга чегерилген кирешенин суммасы (сом).

2. Пайыздардын төлөнүшү жөнүндөгү маалыматтар:

| Инвесторлор | Саны (даана) | Төлөнүп берилген дата | Төлөнүп берилүүчү пайыз | Төлөндү | Төлөп берүүнүн формасы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Юридикалык жактар |  |  |  |  |  |
| Жеке жак |  |  |  |  |  |

3. Облигациялар боюнча төлөнүп бериле элек \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ пайыздар. (саны)

4. Чегерилген, бирок төлөнүп бериле элек пайыздардын жалпы суммасы.

5. Төлөп бербөөнүн себептери жана төлөнүп берилүүчү болжолдуу дата.

End\_nocompare
