# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 432
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048559>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56442/edition/55875/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048559.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048559

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 20-июну № 432

Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-статьясынын 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539 «Финансылык ижара (лизинг) чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 12-мартындагы № 129 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин финансылык ижара (лизинг) чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
