# Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-июнунун № 11 "Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2 “ 2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө”токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-июнунун № 11 "Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2 “ 2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө”токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048539>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56431/edition/55851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048539.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-июнунун № 11 "Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2 “ 2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө”токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048539

---

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 23-июну № 11

Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2 “ 2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө”токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин жана айылдык кеңештин сессиясынын 2026-жылдын 23-июнундагы протоколунун негизинде, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :

1.Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2

“ 2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө”токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: -1-пункттагы “55495,7” сандары “ 60725,7” сандарына алмаштырылсын, “2800,0” атайын каражаттарды эсепке алуу “ 5030,0” сандарына алмаштырылсын; -“2026-жылга бюджеттин кирешеси..” деген 2- пунктагы “36843,3” деген сандары “39843,3” сандарына алмаштырылсын, жалпы киреше “52695,7” сандары “55695,7” сандарына алмаштырылсын, Атайын счет “2800,0” сандары “5030,0” сандарына алмаштырылсын, бардыгы “ 55495,7” сандары “60725,7” сандарына алмаштырылсын;

- 3-пунктагы “2026-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү..” мамлекеттик кызматтар-“15540,8” сандары мамлекеттик кызматтар-“15600,8” сандарына алмаштырылсын, Турак жай- коммуналдык чарба- “ 25644,5” сандары

“ 28584,5” сандарына алмаштырылсын, Жалпы чыгым “ 52695,7 “ сандары “ 55695,7” сандарына алмаштырылсын, атайын счет “2800,0” сандары “5030,0” сандарына алмаштырылсын, бардыгы “ 55495,7” сандары “60725,7” сандарына алмаштырылсын;

2. 9-пункт кошулсун “Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматов, Ак-Башат айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашылып 2026-жылдын экинчи жарым жылында бюджетке жана атайын эсепке пландан ашыкча түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү, тендерден түшкөн үнөмдөлгүн каражаттарды киреше жана чыгашалардын зарыл беренелерине которууга укук берилсин”.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

| Төрага | | И.С.Рыскулов |
