1-берене
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 30-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жогорку Кеңештин, фракциялардын же депутаттык топтордун, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарынан бош убакытта жүзөгө ашырылуучу педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишти кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаты кайсы бир акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укуксуз. Жогорку Кеңештин депутатынын педагогикалык жана илимий иши болуп билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу иш таанылат. Жогорку Кеңештин депутатынын чыгармачылык иши болуп автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу илим, адабият жана искусство чөйрөсүндөгү өзүнүн чыгармачылык эмгегинин жыйынтыктарын жаратуу, пайдалануу жана ишке ашыруу боюнча иши таанылат. Иштин аталган түрлөрүн жүзөгө ашыргандыгы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты сый акы алууга укуктуу.".
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048416/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>