# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5788/edition/55746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048416

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 11-июну № 88

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048416/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 30-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жогорку Кеңештин, фракциялардын же депутаттык топтордун, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарынан бош убакытта жүзөгө ашырылуучу педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишти кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаты кайсы бир акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укуксуз. Жогорку Кеңештин депутатынын педагогикалык жана илимий иши болуп билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу иш таанылат. Жогорку Кеңештин депутатынын чыгармачылык иши болуп автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу илим, адабият жана искусство чөйрөсүндөгү өзүнүн чыгармачылык эмгегинин жыйынтыктарын жаратуу, пайдалануу жана ишке ашыруу боюнча иши таанылат. Иштин аталган түрлөрүн жүзөгө ашыргандыгы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты сый акы алууга укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048416/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 2026-жылдын 20-майында |  | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
