# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө","Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048414)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 98 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө","Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048414/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5787/edition/55740/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048414/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө","Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048414/st-3

---

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

"14) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 14-пунктунда көрсөтүлгөн акимдин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.";

2) 48-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:

"17) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда көрсөтүлгөн шаардын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048414/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048414/st-4)
