Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы
"Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 8-пунктта "электрондук-маалымат" деген сөздөр "санарип" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 11-пунктта "байланыш тарамдарынан" жана "байланыш тарамдары" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "телекоммуникациялык тарамдарда" жана "телекоммуникациялык тарамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 16-пунктта "байланышууга" деген сөз "телекоммуникацияларга" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу - телекоммуникациялык сервистерди пайдалануучулардын кириш жана чыгыш чалуулары (туташуулары) жөнүндө маалыматты, ошондой эле телекоммуникациялардын операторлорунан башка маалыматтарды алып коюу;";
д) 22-пунктта "байланыш тарамдарында жана каналдарында" деген сөздөр "телекоммуникациялык тарамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23) телекоммуникациялык тарамдардан маалыматты алуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн кандай болбосун телекоммуникациялык тарамдар боюнча берилүүчү сигналдардын ар кандай түрлөрүн техникалык каражаттардын жардамы менен алуу, кайра өзгөртүү жана жазып белгилөө;";
ж) төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:
"25) объекттерди санариптик таануу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү максатында учурдагы дайындар базасынын негизинде адамды автоматтык түрдө идентификациялоого же верификациялоого, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин таанууга жөндөмдүү болгон атайын программалык камсыздоонун жардамы менен жүргүзүлүүчү иш-чара.";
2) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71) объекттерди санариптик таануу;";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу;";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) телекоммуникациялык тарамдардан маалыматтарды алуу;";
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө;";
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, берүү, сактоо жана телекоммуникациялар үчүн арналган түзүлмөлөрдөн маалыматтарды ыкчам алуу;";
б) 2-бөлүктө "маалымат тутумдары" деген сөздөр "санариптик технологиялык тутумдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүк "сертификаттоо," деген сөздөн кийин "эсепке алуу, эсептен чыгаруу," деген сөздөр менен толукталсын;
г) 4-бөлүктө "Байланыш тарамдарын" деген сөздөр "Телекоммуникациялык тарамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 5-8-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө телекоммуникациялардын операторлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сервистерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматты берүүгө;
2) өздөрүнүн телекоммуникациялык тарамдарында атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга;
3) өздөрүнүн дайындар базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жеткиликтүүлүктү берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка көмөк көрсөтүүгө.
6. Телекоммуникациялардын операторлорунун контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7. Өзгөчө абал режими киргизилген шартта же куралдуу чыр-чатак мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде убактылуу токтотулуп турушу мүмкүн. Мындай мобилдик түзүлмөгө телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин же телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде уруксат берилет.
8. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу телекоммуникациялардын операторлору жана башка адамдар аталган иш-чараларды жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.";
3) 10-берененин 6-пунктунда "байланыш тарамдарын" деген сөздөр "телекоммуникациялык тарамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 11-берененин 1-бөлүгүндө "почта, телеграфтык, электрондук жана электр тарамдары жана почта байланышы боюнча берилүүчү башка билдирүүлөрдүн" деген сөздөр "телекоммуникациялык сервистин жана почта байланышынын жардамы менен берилүүчү билдирүүлөрдүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Контрчалгындоо иши жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 58
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048344/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>