Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын «Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин маселелери жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2026-жылдын 30-июну № П-288 Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобонун 9-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 1-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Салык кызматынын органдарынын формалык кийимин жана айырмалоо белгилерин кийип жүрүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 648 “Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин маселелери жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Юридикалык башкармалык:
- ушул буйрук жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн эки нускада кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө анын жарыяланган булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
4. Маалыматтык саясат башкармалыгы ушул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитине расмий жарыялоону камсыз кылсын.
5. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
6. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өздүк курамына жеткирсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
8. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды
| Төрага | А.Н. Шыкмаматов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын…Приложение · 30.06.2026 · № П-288
- Салык кызматынын органдарынын формалык кийимин жана айырмалоо белгилерин кийип жүрүү эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын…Правила · 30.06.2026 · № П-288
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 648 "Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин маселелери…Приказ · 13.11.2025 · № 648 · Күчүн жоготкон
- Салык кызматынын органдарынын формалык кийимдерин жана айырмалоо белгилерин кийип жүрүү эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык…Правила · 13.11.2025 · № 648 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз…Постановление · 19.09.2025 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 648 "Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин маселелери…Приказ · 13.11.2025 · № 648 · Күчүн жоготкон