Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 10-июлу № 473 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 27-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүдөй ардак наамдары уюштурулсун:
1) «Эмгек сиңирген артист»;
2) «Эмгек сиңирген врач»;
3) «Эмгек сиңирген ойлоп табуучу»;
4) «Эмгек сиңирген куруучу»;
5) «Эмгек сиңирген мугалим»;
6) «Эмгек сиңирген юрист»;
7) «Эмгек сиңирген экономист»;
8) «Эмгек сиңирген ишкер»;
9) «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер»;
10) «Илимге эмгек сиңирген ишмер»;
11) «Геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер»;
12) «Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер»;
13) «Саламаттык сактоого эмгек сиңирген кызматкер»;
14) «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмгек сиңирген кызматкер»;
15) «Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер»;
16) «Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкер»;
17) «Өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкер»;
18) «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга эмгек сиңирген кызматкер»;
19) «Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер»;
20) «Калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер»;
21) «Транспортко эмгек сиңирген кызматкер»;
22) «Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер»;
23) «Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына эмгек сиңирген кызматкер».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 10-июлунда https://www.gov.kg/ky/npa/s/4822 расмий сайтында жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2021 · № 113
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 "Кыргыз…Постановление · 03.03.2023 · № 114 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 токтомуна)Положение · 05.08.2021 · № 113 · Күчүн жоготкон