# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 515-т («Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 515-т («Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 515-т
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19933/edition/55608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 515-т («Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси (10.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048320

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 10-июлу № 515-т

Кыргыз Республикасын мындан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан Майдын-Тоо № 4 көмүр пайда болгон аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.

2. «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому тиркемеде көрсөтүлгөн жер тилкелерин пайдаланууну баштаганга чейин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттери бар же жок экендиги жөнүндө корутундуну алууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
