# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 500-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Баш-Көл алтын аянтында, Кулдама-Көк-Кыя сурьма, сымап жана алтын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 500-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Баш-Көл алтын аянтында, Кулдама-Көк-Кыя сурьма, сымап жана алтын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 500-т
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19930/edition/55547/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 500-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Баш-Көл алтын аянтында, Кулдама-Көк-Кыя сурьма, сымап жана алтын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси (03.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048273

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 3-июлу № 500-т

Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

1) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан Баш-Көл алтын аянтында 1-тиркемеге ылайык;

2) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан Кулдама-Көк-Кыя сурьма, сымап жана алтын аянтында 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн аянттарды пайдалануу башталганга чийин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундусун алууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
