# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-июну № 688-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3076-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-июну № 688-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3076-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 688-VIII
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-17091/edition/55543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-июну № 688-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3076-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048269

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 25-июну № 688-VIII

«Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3076-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын

30-апрелиндеги № 3076-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктта:

– экинчи абзацта «Э. Султанбек уулу» деген сөздөр

«Т. Тажибаев» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– үчүнчү абзацта «К.А. Абдирашитов» деген сөздөр

«А. Эсеналиев» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– төртүнчү абзацта «Ж.Т. Темирбеков» деген сөздөр

«А. Медербек уулу» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 2-пунктта «Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине» деген сөздөр «Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетине» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага М.А. Маматалиев
