# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-июнундагы № 95 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-июнундагы № 95 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5783/edition/55503/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-июнундагы № 95 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (29.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048223

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 29-июну № 95

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048223/st-1)

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1) майыптыгы бар, ушул Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арызынын негизинде конкурстан тышкаркы тартипте;";

2) 16-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси майыптыгы бар, ушул Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын кадрлар резервинен бош кызмат орунга дайындоо жолу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота берүү ченемдерин аткарууга милдеттүү. Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048223/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Н. Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 2026-жылдын 4-июнунда |  | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
