# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 455 "Кыргыз Республикасында жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү тартибин жана инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 455 "Кыргыз Республикасында жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү тартибин жана инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 455
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56314/edition/55497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 455 "Кыргыз Республикасында жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү тартибин жана инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (01.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048221

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 1-июлу № 455

Кыргыз Республикасында жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү тартибин жана инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 501 жана 502-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногунда жеке инвестициялык эсепти ачуу жана жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасында инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:

– 13-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

«– инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрин жүргүзөт.»;

– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 51-пунктча менен толукталсын:

«51) инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринде каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга.».

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
