Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү тартибин жана инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-июлу № 455
Кыргыз Республикасында жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү тартибин жана инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө
«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 501 жана 502-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногунда жеке инвестициялык эсепти ачуу жана жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
– 13-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
«– инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрин жүргүзөт.»;
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 51-пунктча менен толукталсын:
«51) инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринде каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасында инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Порядок · 01.07.2026 · № 455
- Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногунда жеке инвестициялык эсепти ачуу жана жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 455…Порядок · 01.07.2026 · № 455
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122