# Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 106 "Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41 "Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 106 "Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41 "Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56308/edition/55463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 106 "Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41 "Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому (30.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048188

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-июну № 106 Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41 «Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41 «Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 1-июлунда https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6549-106-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2025-zhyldyn-25-iyunundagy-41-bishkek-shaarynyn-turak-zhaj-imarattary-zhana-zhajlary-ch-n-m-lk-salygynyn-stavkasyn-bekit-zh-n-nd-toktomun-k-ch-n-zhogottu-dep-taanuu-tuuraluu.html расмий сайтында жарыяланды

| Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Б. Усеналиев |
