# Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 103 "Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №18 "Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 103 "Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №18 "Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56306/edition/55455/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 103 "Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №18 "Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048178

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-июну № 103 Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №18 “Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №18 “Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункта “бир жылдын ичинде” деген сөздөр “эки жылдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

2026-жылдын 1-июлунда https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6546-103-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2025-zhyldyn-27-martyndagy-18-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-mamlekettik-menchik-obektterin-munitsipaldyk-menchikke-kabyl-aluuga-makulduk-ber-zh-n-nd-chenem-zharatuu-yjgarym-ukuktaryn-bishkek-shaarynyn-meriyasyna-tk-r-p-ber-tuuraluu-toktomuna-zg-rt-l-rd-kirgiz-zh-n-nd.html расмий сайтында жарыяланды

| Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Б.Б. Усеналиев |
