# Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 102 "2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 102 "2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56304/edition/55452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 102 "2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" токтому (30.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048176

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-июну № 102 2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. 2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жылдын башталышына карата каражаттардын калдыгын эске алуу менен кирешелер боюнча 34 363 030,1 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 30 764 518,3 миң сом суммасында, 2026-жылдын башталышына карата каражаттардын калдыгы менен 3 598 511,8 миң сом суммасында бекитилсин.

2..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

2026-жылдын 1-июлунда https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6550-102-2025-zhyldagy-bishkek-shaarynyn-byudzhetinin-atkarylyshy-zh-n-nd-otchjottu-bekit-tuuraluu.html расмий сайтында жарыяланды

| Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Б. Усеналиев |
