# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 25-июнундагы № 94 "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 25-июнундагы № 94 "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5779/edition/55418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 25-июнундагы № 94 "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048150

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 25-июну № 94

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048150/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 20-беренеде:

а) экинчи абзацта "25 пайыз" деген сөздөр "50 пайыздан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Фондду түзүү жана пайдалануу тартиби, ошондой эле каражаттарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048150/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 2026-жылдын 20-майында |  | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
