# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 442 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 «Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 442 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 «Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 442
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56296/edition/55414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 442 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 «Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому (29.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048147

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 29-июну № 442

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 «Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 «Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 48 (3808) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
