# 4-берене

- Документ: [Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 "Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5778/edition/55397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048140/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө, 4-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-4

---

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 14-берененин 2-бөлүгүндө «өнүктүрүү» деген сөз «камсыздоо» деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«17-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоо, төлөө жана төлөөнү кечиктирүү үчүн жоопкерчилик

Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоого жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Жөлөкпулдарды төлөөнү беш күндөн ашык кечиктирген эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды алуучуларга инфляциянын расмий белгиленген деңгээлин эске алуу менен төлөп берет, ошондой эле мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызы өлчөмүндө туумдун ордун толтурат. Ушул беренеде көрсөтүлгөн туумдардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашпашы керек. Туумдардын эң жогорку суммасын бул чектөө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөлөкпулдарды төлөөнүн мөөнөтү өткөн күндөн тартып алуучу карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгон күнгө чейинки мезгилге карата гана колдонулат. Алуучу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасына чектөө колдонулбайт жана ушул беренеде көрсөтүлгөн туум иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет. Жөлөкпулдарды өз убагында төлөбөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.».

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-27)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-5)
