# 2-берене

- Документ: [Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 "Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5778/edition/55397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230048140/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө, 2-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 68-пункт менен толукталсын:

«68) башка социалдык төлөмдөр - менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн формасына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан калкты материалдык (акчалай) камсыз кылуунун эмгек мыйзамдарында белгиленген, формалары, аларга эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, компенсациялар жана бир жолку жөлөкпулдар кирет.»;

2) 49-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр «Президентинин» деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 108-беренеде:

а) 1-бөлүк «бирок» деген сөздөн кийин «учурдагы календардык жылда» деген сөздөр менен толукталсын;

б) мамлекеттик тилдеги берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

«2. Белгиленген убакыт ченеминен ашык айкалыштырып иштөө иштелген убакытка же аткарылган жумушка жараша төлөнөт.»;

в) расмий тилдеги берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Работа по совместительству сверх установленной нормы времени оплачивается в зависимости от проработанного времени или выработки.»;

4) 243-берененин 3-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын эмгек акыны өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык» деген сөздөр алып салынсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140/st-3)
